Кыргызстандын тышкы карызы акыркы 4 жылда 626 миллион долларга өстү

Жогорку Кеңеште 30-майда Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карыздары, насыяларды үнүмдөп пайдалануу жолдору боюнча тегерек стол өттү. Иш-чарага депутаттар, эксперттер, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, акыркы 4 жыл аралыгында Кыргызстандын тышкы карызы 626 миллион долларга көбөйүп, 3 миллиард 241 миллион долларга жетти.

"Эгерде тышкы карыздардын өсүшүнө карасак, акыркы мезгилде жылына 100 миллион доллардан 200 миллион долларга чейин өсүп жатканы байкалат. Бул Орусиянын 2013-жылдагы 500 миллион доллар карызы кечилгенден кийинки көрүнүш. Насыя алардан мурда жакшылап ойлонуп, жагдайды тыкыр иликтеп чыгуу керек",- дейт депутат.

Талкууда Кыргызстандын тышкы карыздарын тейлөө багытында 2012-жылы 72 миллион доллар, 2013-жылы 76 миллион доллар, 2014-жылдын алгачкы 4 айында 35 миллион доллар жумшалганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан