Бүгүн, 23-июнда "аялды өлтүрүп, денесин бөлүктөргө бөлүп салган" деп айыпталып жаткан
Наиль Надировду сот 13 жылга эркинен ажыратты. Бул боюнча бүгүнкү соттук отурумда белгилүү болду.
Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, Наиль Надиров үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөмөй болду. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 500 миң сом моралдык чыгым өндүрүлүп берилгени маалым болду.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен.
Бул факты боюнча шектелип 1987-жылы туулган
Наиль Надиров кармалган.