Орусиянын борбору Москва шаарында “Кыргызстан аба жолдору” компаниясынын бөлүмүн тоношту. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда милицияга шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, кылмышкерлер тапанча менен компаниянын кызматкерин жарадар кылышкан. Окуя шаардын борборунун Коровий Вал көчөсүндөгү жер астында жайгашкан өтмөктө орун алды.
Жалпысынан 200 миң рубль тонолгону айтылууда. Учурда иликтөө амалдары жүрүп жатат.