Куудул
Жаныбек Алыкулов 20-июлда 54 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Кыргыз маданиятына салым кошуп,
куудул, пародист гана эмес, ырчы катары эл оозуна алынган Жаныбек Алыкулов Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 1960-жылы туулган. Төрт уул, эки кыздын атасы. Ош педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктаган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Жаныбек Алыкуловдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.