Бүгүн, 21-июлда КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Коргоо жана конвой департаментинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Учурда судья Дамир Оңолбеков соттолгон 28 аскер кызматкерине өкүмдү окууда. Анын айтымында, өкүм бир нече күн окулат. Айта кетсек, буга чейин өкүмдү окуу 3 жолу жылдырылган.
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда жабыр тарткандардын саны 300дөн ашуун. Соттук процесс Камалгандарды күзөтүү жана соттук процесске жеткирүү департаментинин залында өтүп жатат.