Темир Сариев: “Европалык жаран күнүнө 50 литр сууну пайдаланса, кыргыз 560 литр иштетет”

Бүгүн, 25-июлда “Мекендештер-2014” форумунда КРнын Экономика министри Темир Сариев Кыргызстандагы суу маселесине токтолуп: “Өлкөдө суунун көлөмү жылына 50 миллиард куб метрди түзсө, биз 7 миллиард кубун гана пайдаланабыз. Калган суу коңшу мамлекеттерге кетет”,- деп билдирди.

“Кыргызстанда ирригациялык (суу түтүктөрү) систем начар болгондуктан, суунун 50 пайызын жоготуп жатабыз. Ушул системди өндүрүү КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда жазылган. Буга биз акча каражат бөлүп жатабыз. Мындан тышкары тамчылатып сугарууну өнүктүрүү керек”,- деди министр.

Ошондой эле ал өлкөдө сууну үнөмдүү пайдалануу керектигин баса белгиледи. “Европалык жаран күнүнө 50 литр сууну пайдаланса, кыргыз 560 литр иштетет. Анткени бизде тиешелүү маданиятыбыз жок. Кудай берген суу ага берсин деп отура беребиз”,- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан