Токмокто "Бузулбас достук-2014" аттуу биргелешкен машыгуулардын ачылышы болуп өттү

Токмоктогу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн "Ала-Тоо" окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлеринин "Бузулбас достук-2014" аттуу машыгуусунун ачылышы болду. 

Ачылыш салтанатына Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен штабынын жетекчиси Александр Студеникин жана Орусия Федерациясынын, Тажикстан, Беларусь жана Армения Республикаларынын аскердик контингенттеринин генералдары жана офицерлери катышты. Асанбек Алымкожоев иш-чараны ачып жатып катышуучуларга ийгилик каалап өттү. Биргелешкен машыгуулар 29-июлдан 1-августка чейин орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан