Курманбек Бакиевге Беларустун президентинин мамлекеттик сыйлык тапшырганы кызуу талкууланууда

Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге Элдердин достугу орденин тапшырганы кызуу талкууланууда. Маалыматты бүгүн, 5-августта жергиликтүү ММКлар Беларустагы сайттардын бирине шилтеме берүү менен жарыялашты.
2014-жылдын 1-августунда жазылган куттуктоодо "Урматтуу Курманбек Салиевич, кымбаттуу досум! Сени юбилейиң менен чын дилимден куттуктайм. Беларуста белгилеп жатканыңа абдан кубанычтамын. Ар бир адам, анын ичинде мамлекеттик, саясий ишмер жашоосунда кыйын кырдаалга туш болот. Бул учурда алсыздар ийилишсе, чыдамкайлар кайра күчтүү болуп алышат. Эртеңки күнгө болгон ишенимиң мени таң калтырып келет. Сен бай адамсың, анткени сенде Кыргызстандан башка Беларусь деген экинчи мекениң бар" деп жазылат. Коомчулукта талкуу жараткан маалымат расмий түрдө тактала элек. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан