КРнын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкодон Курманбек Бакиевдин Беларусь президенти Александр Лукашенконун колунан Элдердин достугу орденин алганы боюнча маалыматты түшүндүрүүнү талап кылды.
Элчи Денисенко мындай маалыматка учурда ээ эместигин айтып, жакынкы аралыкта тактап берүүнү убада кылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, 1-августта Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге Элдердин достугу орденин тапшырганы боюнча жергиликтүү ММКлар Беларустагы сайттардын бирине шилтеме берүү менен жарыялашкан болчу.