“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-августтагы фракциянын отурумунда "Көчмөндөр оюндары башталганга чейин Чолпон-Ата шаарындагы Камчы Көлбаевдин атасынын атындагы ипподромдун аталышын алмаштыруу керек",- деп билдирди.
Анын айтымында, ат майдандын Көлбаев деген фамилия менен турушу президенттин саясатына карама-каршы келет.
“Камчы Көлбаевдин атасы Асан Көлбаев жакшы адам болгон. Ага карата дооматыбыз жок. Бирок Көлбаев деген фамилияны укканда дароо “мыйзамдагы ууруну” көңүлгө алышат. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына да карама-каршы келет. Ал жерде жакында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага жалпы чет өлкөдөн журналисттер, маанилүү коноктор келет. Журналисттер “Көлбаев атындагы ипподромдо өтүп жатат” деп жатса, Кыргызстан криминалдык идеологияны пропагандалап калабыз. Оюн башталганча тез арада ипподромдун ысымын алмаштыруу керек”,- деди Өмүрбек Текебаев.