Президенттик аппарат хирургдан жапа чеккен бейтаптын ишин калыс иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине табыштады

КРнын Президентинин аппараты операция учурунда жаңылыштыктан улам бир эмчексиз калган бейтап айым Гүлзина Байтаеванын ишин калыс иликтөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигине табыштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта SUPER.KG порталына президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Г.Байтаева өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасаган. Анда 

"Урматтуу Алмазбек Шаршенович! 2014-жылдын 6-июнунда Улуттук онкология борборунун дарыгери Карабекова Зинаида Кадыровна өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгынан жана 20 миң сом акча каражатка умтулгандыгынан менин сол эмчегимди кесип салган.

Кийин анык болгондой, гистологиялык анализдердин жыйынтыктары боюнча, эмчекти кесип алууга эч кандай негиз жок экен. Анткени менде залалдуу шишик болгон эмес.

Зинаида Карабекованын кылган иш-аракетинен 2-топтогу майып болуп калдым. Мындан тышкары эми мен эне боло албай калып, үй-бүлөм бузулуп жатат. Бир топ мамлекеттик сыйлыктарга жана наамдарга ээ болгон дарыгердин шалаакылыгы биздин медицинадагы коррупциянын бар экендигин билдирет. Биз, жөнөкөй адамдар, дарыгерлерге Кудайга барган сыяктуу барат эмеспизби.

Урматтуу президент! Мындан улам кимдир бирөөнүн дарыгерлерден жапа чеккенин каалабайм. Сизден иликтөө амалдарын объективдүү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшүңүздү жана Улуттук онкология борборунун дарыгерлеринин ишмердүүлүгүнө көңүл бурушуңузду суранам” деп жазылган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 12-августунда бейтап Г.Байтаева маалымат жыйын өткөрүп, "хирург эмчегимди жаңылып кесип салган” деп билдирген. Андан соң 18-августта ал "менин ишимди иликтеп жаткан Улуттук онкология борборунун комиссиясын күнөөлүүлөрдүн биринин атасы жетектеп жатат" деп арызданган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан