Бишкекте ырчы Асема режиссёрлук кылган "Көк жал" тасмасы алгачкылардан болуп журналисттерге көрсөтүлдү (фоторепортаж)

Бишкекте 18-сентябрда криминалдык драма жанрындагы “Көк жал” аттуу тасманын бет ачары болот. Кыргыз эстрадасынын ырчысы жана “Боз салкын”, “Уурунун махабаты” тасмаларында роль жараткан Асема Токтобекова режиссёрлук кылган аталган фильм бүгүн, 28-августта алгачкылардан болуп журналисттерге көрсөтүлдү. 

Тасма Бишкек, Баткен, Ысык-Көл жана Тажикстандын айрым жерлеринде тартылган. Криминалдык драмада Асема Токтобекова, Азат Кусеинов, Муслум Демиржан башкы каармандардын образын жаратышкан. Жакшы менен жаманды ылгап билүүгө багытталган тасма кеңири аудитория үчүн тартылган.

Тасманын сюжетинде бир канча тагдыр бири-бирине байланыштырылган. Фильм криминал чөйрөнү, буту баспаган кызынын ден соолугу үчүн жан уруп иштеген эненин турмушун, бир туугандык мамилени, социалдык көйгөйдү, чыныгы сүйүүнү баяндайт. Режиссёр муну менен бул жашоодо эң негизги байлык үй-бүлө экенин жеткирүүнү көздөгөн.

Башкы каармандын бири болгон Умар балдар үйүнөн баңгитөбөлдүн колуна сатылып, бала кезинен баштап курал катары чоңоёт. Андан качкан Умар майып кызынын дарылануусуна акча издеген Нур аттуу кызга жолугат. Алардын ортосунда жанган сүйүү Умардын жашоого болгон көз карашын түп тамырынан бери өзгөртөт. Бирок эки жаштын ортосунда Нурду багындырууну каалаган акчалуу, бийликтүү Кванч турат. Ошондой эле Умардын кожоюнунан уурдап кеткен 10 миллион доллар фильмдин сюжетин өнүктүрүп отурат.

“Тасмада социалдык көйгөйлөрдүн чагылдырылганы жакты. Аларды толугу менен ачып бере албаса да, режиссёрдун идеясы жакшы болгон. Кемчиликтер бар, албетте, ал баарында эле болот. Бирок биринчи жолу режиссёрлук тизгинди колго алып, аялзаты экенине карабай оор жанрда тасма тартканы мактоого арзыйт,- дейт журналист Тынчтыкбек Кожобеков.

"Менин тасма аркылуу берейин деген оюм ишке ашты. Тасма тууралуу жакшы ойлор жана сындар айтылды. Негизи, мен сынды жакшы көрөм. Анткени ал кемчиликтерди эске алууга, алардын үстүнөн иштеп, кийин кайталабаганга шарт түзөт. Фильм жакынкы аралыкта жумурай журттун сынына коюлганы турат",- дейт Асема дебюттук тасмасы тууралуу. 

"Көк жал" кыргыз киносунун трейлери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zman53
2014-08-28 17:40:29
Асема ийгилик!
+8
egemberdievagulbara
2014-08-28 20:52:56
Мыкты тартылган кино деп ойлойм,
+10
syrduu kyz
2014-08-29 00:30:04
Асем кызга ийгилик!
+6
zarlyk2211
2014-08-29 04:10:58
ийгилик!!!
+4
Aipri
2014-08-29 14:14:01
Жакшы кино экен.
+5
musapyr
2014-10-09 11:48:34
Бүгүн Баткен шаарында губернатор, аким жана мэр баш болгон өкмөттүн коштоосунда "Көк жал" тасмасынын премьерасы болуптур, тааныштардан уктум. Азаматсын, Асема! Баарына жетишип иштеп атканын кубардырбай койбойт! Тасманы шаардан көрдүк, Курманжандын денгээлинде тартылыптыр өтө сонун кино болуптур! Ийгиликтер!
0
karan_khan
2014-11-04 17:44:57
Ийгиликтер! Тасма соонун болуптур, азаматсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан