Президент: "Ушул жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстандын түндүк аймагында жаратылыш газынын баасы 1,5 эсе арзандайт"

Бүгүн, 31-августта Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанатта КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта орусиялык “Газпром” Кыргызстандын түндүк аймагына жаратылыш газынын миң кубун 165 доллар баасы менен сата баштайт” деди.

Анын айтымында, президент "Газпромдун" төрагасы Алексей Миллер менен газ маселеси боюнча 2,5 саат сүйлөшкөн. “Буга чейин жана бүгүнкү күндө жаратылыш газынын миң кубун 224 АКШ долларына сатып алып жатабыз. Бишкекте жана өлкөнүн түндүк аймагындагы шаарларда, айылдарда газдын баасы 1,5 эсе төмөндөйт”,- деди өлкө башчы.

“Газ өткөрүүчү түтүктөрдү оңдоо иштерине аталган мекеме тарабынан 262 миллион рубль бөлүнгөн. Мындан тышкары магистралдык түндүк-түштүк газ түтүгүнүн курулушуна “Газпром” ишканасы 20 миллиард рублга кошумча 45 миллиард рубль бөлүп берет”,- деди Атамбаев.

Кыргыз Республикасы 23 жашка толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан