Кыргызстандык Айыма Айылчиева «X-Factor» сынагынын биринчи тандоо турунан өттү

16 жаштагы Айыма Айылчиева Украинанын Киев шаарында өтүп жаткан «X-Factor 5» сынагына катышууда. Ал легендарлуу ырчы Майкл Жексондун “Who’s loving you” аттуу ырын аткарып, калыстар тобунун мактоолоруна татыды. Калыстар тобунун мүчөлөрү Игорь Кондратюк, Сергей Соседов, Иван Дорн жана Нино Катамадзе секелек ырчыга “ооба” дешип, тандоо турунан өткөрүштү. Ал ырдап жатканда ырчы Иван Дорн кошулуп ырдап жиберди. Өз кезегинде Айыма таланттуу экенин белгилесе, Игорь Кондратюк болсо өзгөчө кыз экенин кошумчалады.

Эске салсак, Айыма «Кыргызстан – менин таланттарым» сынагынын финалына чыккан. Ошондой эле ырчы Салтанат Ашированын шакирти. 

Кыргызстандык Айыма Х-Фактордо! Урааа!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bekerov95
2014-09-08 14:32:41
Азаматсын айымка ийгилик каалайбыз кийинки турданда отуп биздин желекти желбиретип кел биз сени менен сыймыктанаалы.
0
alinevajnokg
2014-09-08 14:42:58
Баракелде Айыма талантын оркундой берсин...
0
Zeinepa
2014-09-08 14:54:45
Азаматсын Аима! Дагы кооп ийгиликтер сага.
0
botoni9
2014-09-08 15:05:01
Азаматсын
0
Alai.kyzy
2014-09-08 15:13:55
Куттуктайм!
0
Alai.kyzy
2014-09-08 15:18:32
Сыймыктанып кордум. Унун керемет! Баарыбыз сени колдойбуз! Азамат!!!
0
WINNER
2014-09-08 17:26:29
Видеосун кеч кором буйруса.
Азамат,ийгилик Аима!
0
janul
2014-09-08 17:40:36
мындан аркы туруна да ийгилик!!! Олконун желегин коп жерлерде желбиретишине ишенебиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан