Көп кабаттуу үйлөрдөгү жалпы колдонуудагы электр энергиясы (кирме жарыгы, лифт, насос жогорулатуу) 3 фазалык электр эсептегич менен эсептелсе, 1 киловатт-саатына тариф 70 тыйын боюнча калат. 1 сом 20 тыйын колдонулбайт.
Эгерде үч фазалык эсептегич жеке менчик 10/6-0,4 киловатт көмөк чордонго орнотулган болсо, жалпы эсеп-кысап ушул эсепке алуу менен жүргүзүлсө жана субабоненттери болуп бир фазалуу турмуш-тиричилик абоненттери катталса, электр бөлүштүргүч уюму менен болгон эсеп-кысапта 1 киловатт-саатына 70 тыйын төлөнөт. Эгерде кардар болгон турмуш-тиричилик субабоненттердин үч фазалык кирүүсү бар болсо, анда колдонулган электр энергиясынын көлөмү электр бөлүштүргүч уюму менен болгон эсеп-кысапта 1 киловатт-саатына 1 сом 20 тыйын деп эсептелет.
Юридикалык жак болуп эсептелген багбанчылар шериктештиги менен болгон эсеп-кысапта электр бөлүштүргүч уюму үч фазалык башкы эсепке алуу менен бир фазалуу субабоненттерге 1 киловатт-саатына 70 тыйын колдонулат. Эгерде дача үйү бүт жыл бою жашоо үчүн колдонулса жана абонент үч фазалык кирүү менен электр энергиясын пайдаланса, электр энергиясынын тарифи 1 сом 20 тыйын болот.
Эгерде үч фазанын эки фазасы жана электр жылыткыч пломбаланса, электр энергияны бир фаза менен колдонсо, анда пломбалоо мезгилинде 1 киловатт-саатына 70 тыйын тарифи колдонулат. Ал эми электр жылыткыч гана өчүрүлүп, пломбаланса жана электр энергиясы үч фазалык кирүү менен колдонулса, анда 1 сом 20 тыйындан төлөнөт.