Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 8-сентябрда "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" деп шектелген Р.Мадумаров, Г.Авакян жана Н.Содиковдун иши боюнча жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыктарын расмий сайтына жайгаштырды.
Маалыматка караганда, аты аталган жарандар 2011-2013-жылдары ишкерликке жамынуу менен көз боёмочулук, алдоо жана жасалма документтер аркылуу мыйзамсыз аракеттерди жасап, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мамлекеттик активдердин баасын жасалма түрдө ылдыйлатуу жана башка ыкмалар менен «Узбекистон хаво йуллари» Улуттук авиакомпаниясынын 5,5 миллиард сум, «Coca Cola Ichimligi Uzbekiston Ltd.» компаниясынын 11,9 миллиард сум, «Ферганский НПЗ» ишканасынын 40,1 миллиард сумдук өлчөмдөгү активдерин ээлеп алышкан.
2014-жылдын 24-майында Р.Мадумаров, Г.Авакяндын иши боюнча соттук отурум орун алып, аларды сот күнөөлүү деп тапкан. Ал эми иштин бир бөлүгү, анын ичинде Гүлнара Каримовга байланышкан иш бөлүнүп, кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө мамлекетке 457 миллиард сум зыян келтирилгени аныкталган.
Өзбекстандын президентинин кызы Гүлнара Каримовага карата козголгон кылмыш иши сотко качан өткөрүлөрү жана фигуранттарды канча жылдык жаза күтүп турганы тууралуу маалымат жок. Президенттин кызы өзү жаздырган кабарларда ал дагы эле үй камагында отурганы айтылат.