Кечээ, 23-сентябрь түнү Чүй облусунун Жол-кайгуул кызматы “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековду “Сосновка” өткөрүү бекетинен токтотушкан. Андан соң укук коргоо органдарынын кызматкерлери күч колдонуу менен бардык материалдарын тартып алышкан. Активист 27-сентябрда өткөрүлүүсү пландалып жаткан курултайдын катышуучуларына таратылуучу гезиттерди Таласка алып бараткан. Бул тууралуу М.Аскарбеков жана анын жакындары социалдык тармактардагы баракчасында жазып чыгышты.
Кошумчалай кетсек, жарандык активисттер 27-сентябрда Таласта өлкөдөгү көйгөйлөргө байланыштуу курултай өткөрүүнү пландап жатканы айтылып келген. Анда электр энергия, күйүүчү май, коррупция, криминалга байланышкан социалдык-экономикалык олуттуу маселелер талкууланат.