Сот жылуулук жана электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатуу токтомун жокко чыгарды

Бишкек шаардык райондор аралык соту электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарды. Электр жарыгына бааларды көтөрүүгө каршы чыккан Нурбек Токтакуновдун доо арызын сот канааттандырды. Эскерте кетсек, 1-июлда Жогорку Кеңеш электр энергиясынын тарифин аныктоо укугун өкмөткө бере турган мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, электр жана жылуулук энергиясынын баалары жогорулаган эле. Электр энергиясы боюнча 3 фазалуу абоненттерге баа мурункудай 70 тыйындан эмес, 1 сом 20 тыйын болуп көтөрүлгөн. Жылуулук энергиясы белгиленген чектен ашыкча колдонбогон тиричиликтик колдонуучулар үчүн 1-июлдан тартып 28,3 пайызга өскөн жана 1 гигакалория үчүн 917,7 сомду түзгөн. Мурун бул баа 715 сом болчу. Ал эми чектен ашыкча пайдаланган абоненттер үчүн жылуулук энергиясы 117,8 пайызга өскөн же гигакалория үчүн 1557,25 сом болуп бекитилген (мурун 929 сом болгон). Соттун чечими боюнча өкмөттүн он күндүн ичинде мындан жогорку инстанцияга арызданышы күтүлөт. Апелляциялык арыздын берилиши менен чечим дагы өзгөрүшү мүмкүн.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан