Коррупцияга каршы башкармалык Көчмөндөр оюндарына сарпталган каражат боюнча Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборун текшере баштады

Ички иштер министрлигинин Коррупцияга каршы башкармалыгы Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сарпталган каражат боюнча Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборун текшере баштады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда SUPER.KG порталына аталган борбордун директору Алмаз Касенов билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына коротулган бардык каражат мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн. “Учурда отчётторду тапшырып жатабыз. Ички иштер министрлигинин Коррупцияга каршы башкармалыгы отчёттор тапшырылып бүткөн соң ишин баштайт. Бул бир топ ыңгайсыздыкты жаратып жатат. Ошентсе да алар каалаган учурунда текшерүүгө укуктары бар. Жыйынтыгын убакыт көрсөтөт”,- деп кошумчалады ал.
Эске салсак, көчмөндөр оюну 9-14-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Оюндардын уюшулуусуна мамлекеттик бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alirun
2014-10-08 10:34:11
Бизде ушундай, бергендин артыгын чыгарышат. Башкысы натыйжа экенин тушунушпойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан