Алмазбек Атамбаев: "Орто кылымдарга кетүүгө жол жок, элдин эсебинен электр энергиясын үнөмдөөнү терең жаңылыштык деп эсептейм"

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө татаалдашкан энергетикалык кырдаал боюнча билдирүү жасады. Өлкө башчынын кайрылуусунда булар айтылат: 

“Кыргызстандын жарандарынын энергетикадагы кризистик абалга байланыштуу тынчсыздануусуна кошулам.

Тилекке каршы, өкмөттүн пассивдүү позициясы, Энергетика жана өнөр жай министрлиги кышка карата даярдык маселелерин терең иштеп чыкпагандыгы, чиновниктердин жоопкерчиликти мойнуна алуудан корккондугу терең ойлонулбаган чечимдерге алып келди. Элибиз суунун аздыгынан улам Кыргызстандын өз электр энергиясын иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү кыйла төмөндөгөнүн жакшы түшүнүп турат.

Ошол эле учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 миллиард 400 миллион кВт-саат электр энергиясын чиновниктердин өнөр жайдын жана калктын эсебинен - электрин өчүрүү аркылуу чечүү тууралуу кадамын терең жаңылыштык деп эсептейм.

Мен өкмөткө электр энергиясынын кошумча көлөмдөрүн коңшу өлкөлөрдөн сатып алуу маселесин иштеп чыгууну тапшырдым. Албетте, сатылып алынган электр энергиясы өзүбүздүкүнө салыштырмалуу кымбат болору түшүнүктүү. Бирок кыргызстандыктардын көпчүлүгү электр жарыгы, жылуулук, телевидение жана башка тиричилик шарттарысыз отурганча, импорттук электр энергиясына төлөөгө даяр экенин билем. Ошондуктан өкмөт тарифтик саясатты кайрадан карап чыгып, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү. Анын үстүнө сот дагы азыркы тарифтик саясатты бекитүүдө мыйзам аркылуу каралган жол-жоболордун бузулушун аныктады.

Өкмөт элге чындыкты айтууга тийиш. Эгерде энергосистемдин коопсуз ишин камсыздоо үчүн электр энергиясын убактылуу өчүрүп туруулар зарыл болсо, бул тууралуу ачык айтыш керек. Бирок кандай гана чектөөлөр болбосун, биринчи кезекте карапайым элдин кызыкчылыктары корголууга тийиш. Кыргызстандын эли бийлик менен ачык-айкын, адилеттүү сүйлөшүүнү кабыл алат, анткени учурдагы абалыбызды жакшы билет жана чиновниктер сыяктуу эле өлкөнүн энергетикасынын келечеги үчүн тынчсызданат.

Энергетиканы башкаруу тармагында айрым кадрдык чечимдерди кабыл алууга убакыт келип жетти. Осмонбек Артыкбаевди таза, аракетчил жетекчи катары билем, бирок бүгүнкү кырдаалда энергетика жана өнөр жай министринин кызматында энергетика тармагынан өсүп чыккан, тармактын бардык көйгөйлөрү менен маселелерин терең билген профессионалдуу менеджер керек.

Жалпысынан энергетиканы өнүктүрүү маселелеринде менин позициям мурдагы бойдон:

- Кыргызстанга жаңы кубаттуулуктарды - гидроэлектростанцияларды гана эмес, жылуулук станцияларын дагы киргизүү зарыл. Өлкөнүн түштүгүндө өз газыбызды өндүрүү боюнча заводду долбоорлоо жана куруу боюнча жумушту тездетүү керек.

- Өкмөт өлкөбүздүн калкы электрге жана жылуулуктан кемибегендей чечимдерди издеп табууга тийиш. Артты карай, орто кылымдарга кетенчиктөөгө жол берилбеш керек.

- Тарифтик саясат элге түшүнүктүү болуп, ал эми энергетиканы сактоо жана анын келечектеги өнүгүүсү үчүн тарифтерди реалдуу талаптарга шайкеш келтирүү коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча натыйжалуу чаралар менен коштолууга тийиш”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан