Сербия менен Албаниянын футболчулары саясий чырдан улам мушташып, калыс беттешти токтотту

Кечээ, 14-октябрда "Евро-2016" мелдешинин тандап алуу оюндарынын алкагында Сербия менен Албания курамалары кез келип, беттеш футболчулардын жана күйөрмандардын мушташынан кийин токтотулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.  

Маалыматка ылайык, беттеш өткөн стадионго Албаниянын күйөрмандары келүүдөн баш тартышкан. Ал жерде жалаң гана сербиялык күйөрмандар болчу. Ошол маалда атайын учуучу техникалык шайманга саясий маанидеги жазуусу бар желек илинип, майданга түшүрүлдү. Айрым маалыматтарга караганда, кара түстөгү ал желекте бүркүттүн жана анын жанында 2 кишинин элеси болгон. Ошондой эле “Autochthonous” деген жазуу бар экени анык болду. Бул жазуу байыркы грекчеден которгондо “таандык” деген маанини берет. Айрымдар муну албан улутундагылардын башын бириктирүү идеясы экенин, Сербияга таандык жерлерди да Албания алууга кызыкдар экенин айтып чыгышты. Бул желекти көргөн сербиялык футболчулар аны айрыганга аракет кылышкан. Ушул маалда футболчулар арасында мушташ башталып, калыс тарабынан оюн токтотулду.  

Кошумчалай кетсек, 1996-жылкы Косова согушунан кийин бул эки мамлекеттин ортосундагы абал курч бойдон калып келген. 
Албания менен Сербиянын футболчулары оюн учурунда мушташып кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан