Коргоо кеңеши КРнын 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын бекитти. Мындай чечим кеңештин 3-ноябрдагы отурумунда кабыл алынды. Концепция мамлекет жана диний уюмдардын кызматташтыгынын системсиздигин жокко чыгарууга жана диний сабаттуулукту жогорулатууга багытталган. Концепцияда диний экстремизмдин жана диний фанатизмдин алдын алуу иш-чаралары каралган. Отурумда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев диний уюмдар адамдарды бөлүүгө эмес, аларды бириктирип, көтөрүүгө багытталарын айтты. Жыйындын күн тартибинде 2014-2020-жылдарга Кыргызстандын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу маселелер бекитилген.