Бүгүн, 3-ноябрда Өкмөт үйүндө Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин отуруму өтүүдө. Күн тартибине ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө 4 маселе каралмакчы:
1. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңдикке жеткирүү боюнча жүргүзүлгөн Улуттук пландын аткарылышы боюнча маалымат. Бул тууралуу баяндаманы социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев окуп берет.
2. “Пекин+20” иш-аракеттер платформасы жана Пекин декларациясынын алкагындагы сереп.
3. “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча баяндама.
4. 2015-жылга КРнын Өкмөтүнүн Гендердик теңдик боюнча улуттук кеңешинин планын бекитүү.
Иш-чара вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилигинин астында өтүп, анда парламент депутаттары Асия Сасыкбаева, Дамира Ниязалиева жана Айнуру Алтыбаева катышууда.