Жакында кылмыш иши козголушу мүмкүн экени жарыяланган депутат
Каныбек Осмоналиев учурда ооруканада дарыланууда. Муну парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында вице-спикер
Төрөбай Зулпукаров билдирип, депутаттын ооруканада экенин тастыктаган маалым кат бар экенин айтты. Жыйында депутаттар кесиптештери Каныбек Осмоналиев менен
Урмат Аманбаевага кылмыш ишинин ачылышы боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угууну талап кылышууда. Буга чейин Урмат Аманбаеванын да ооруканада экени айтылган болчу.
Айта кетсек, депутат Осмоналиев Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча күнөөлөнүүдө. Депутаттын аталган окуу жайдын жетекчилигине студенттерди кабыл алуу боюнча кат жазганы айтылган болчу. Ал эми депутат Аманбаева
"коррупция" беренеси менен айыпталууда.