Светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург кызматынан көтөрүлдү

Светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург кызматынан көтөрүлдү. 30 жылдык тажрыйбасы бар Калдарбек Абдраманов өлкөнүн жүрөк хирургиясы боюнча башкы адиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда профессор SUPER.KG порталына: Мен 10 жылдай Орусияда иштедим, жүрөк хирургиясындагы тажрыйбам 30 жылдан ашып калды. Кечээ жакында Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы жүрөк хирургиясы боюнча башкы адиси болуп дайындалдым. Бул нерсе мен үчүн өтө маанилүү, себеби өмүрүмдүн баары ошол жүрөк дарттарына, жүрөк хирургиясына байланды. Азыркы учурда менин жашоомдо биринчи иретте жүрөк хирургиясы, андан кийин менин сүйүктүү 4 жаштагы неберем турат, калганына кызыкпайм деле”,- деди.

Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча түштүк аймактык илимий борборунун башчысы, профессор К.Абдрамановдун айтымында, Кыргызстанда чыгаан жүрөк хирургдары бар, бирок профессорлукка жетишкен бир гана өзү.

Мен курактуу 3-4 хирург бар, бирок бул кесипте илимий даражага да чоң маани берилет. Жүрөк хирургиясы жаатында илимий эмгектерди жазган хирургдар да бар, бирок алар өз адистиги боюнча иштешкен жок. Ал эми өзүм тууралуу айтсам, менин 30дай шакиртим бар, анын ичинен айрымдары иштебей коюшту, айрымдары чет өлкөгө чыгып кетишти. Ал эми учурда 15тей шакиртим өлкө боюнча жүрөккө оор операцияларды жасап жүрөт”,- деп кошумчалайт хирург.

Жооптуу кызматтын алкагында ал өлкөдөгү болгон жүрөк хирургиясы багытын көзөмөлгө аларын айтып, буларды билдирди: Менин максатым - жүрөк хирургиясын кеңейтип, аны өнүктүрүү. Убагында Орусияда окууда жүргөнүмдө Орусиянын башкы кардиохирургу Лео Бокерия бул кесип тууралуу мага көп нерсени үйрөткөн эле. Эми минтип өзүм Кыргызстандын башкы кардиохирургу болгонума кубанычтамын”.   

Эске салсак, электр энергиясынын өчүп калгандыгына карабай кыргызстандык хирургдар кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасашкан. Бул окуя коомчулукта чоң талкууга алынып, операциянын жүрүшү тууралуу видеоинтернетке жайылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
tolkun85
2014-11-21 14:08:56
жарайсыз ошондой болуш керек болчу.
+7
melashka
2014-11-21 14:30:14
Лео Бокерия бизге да жардам берген оз колу мн операция жасаган жонокой инсан.ишинизге ийгилик дуйнодо журогу ооруган эч бир жан жок болсун.
+4
Aksy-13
2014-11-21 15:06:42
Калдарбек аке озунузго да кудайым чын ден соолук берсин!!!
+5
Begim8678
2014-11-21 16:06:02
Журок менен небересинен башка эч нерсеге кызыкпаганы чатак экен. Азаматсыз, ишинизге ийгилик.
+3
myrza80
2014-11-21 17:05:09
Азамат мээнетиниздин ооматы кайтыптыр ишинизге ийгилик сиздей врачтар бизде кобойо берсин.
+3
Biinura
2014-11-21 17:50:05
Куттуктайм!
+3
Che_love_K
2014-11-21 18:17:32
Бар болунуз! Антты актаган чыныгы эркек экенсиз!
+3
ota.88
2014-11-21 19:29:34
Ишинизге ийгилик! Окмот ушундай адамдарды сыйлоону унутбаса экен. Кече эле ырдап чыккан ырчыларга наам бербей ушундай эл учун ак иштегендерге наам, данк орденин берсе жарашмак мындай атуулдарга.
+4
Boldukan86
2014-11-21 22:38:18
ээхх кандай татаал ооруу аа? азамат экенсиз мертебениз ашсын!.
+2
youngyoung
2014-11-22 01:24:54
Сиз менен сыймыктанабыз, Калдар аке!
+2
Speznaz41
2014-11-22 02:19:24
Чыныгы кесибини суйгон адиске, чырактын очуп калуусуда тоскоолдук бере албаптырда. Азаматсыз.
+1
Manasemetei
2014-11-22 03:46:20
azamatsyz soz jok.
+1
Ayka1994
2014-11-22 16:36:58
охооо чындыгында чыныгы хирург экенго кесип суйуу аны аркалоо деп мына ушуну айт молодецсиз агай сизде да ден соолук жана ийгилик коштоп журсун.4 жаштагы неберем гана кызыктырат дептирго андан сырткары уй-булосу бар бекен аялы дегендей.
0
suiuktuujar
2014-11-23 11:08:49
куттуктайм ден соолукта болунуз таза журок курч коз сыйкыр колдорунуздан дагыда коптогон ийгиликтер жаралсын ооруканада свет очсода жан дуйонуздун свети эчкачан очпосун
0
OTYPBARATYPELEEE
2014-11-23 11:22:39
Сагынбаева апжебиз кормоксонго салып, жада калса жазалай жаздап барып токтоду эле. Бул жаны ачандик жакшы адам экен адамдын мээнетин баалаган. Ушундай бир алтын кол адамдын жумушун баалап, котормолоп, жумушунун рахатын андан да мыкты татышына шарт тузуп бериш керек кайсы тармак гана болбосун. Азаматсыз Калдар ака! Ишинизге изги ийгилик, Жараткан жалгасын!
:-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан