Борбордо "Оштуктун 11 досу" аттуу криминалдык комедиянын бет ачары өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 4-декабрда "Оштуктун 11 досу" ("11 друзей ошанина") аттуу криминалдык комедиянын бет ачары өтүүдө. 
Тасмада башкы ролду Каныбек Рыспаев, Бахтияр Матянью, Айсулуу Молдалиева, Наталья Смолякова жана башкалар аткарышкан. Фильмдин режиссёру - Максат Жумаев, сценарийин Амантур Ормуков жазган. 
Оштук Олжо аттуу эпчил бала кылымга тете уурулукту уюштурмай болот. Ага 15 сутка абакта жаткан досу жардамга келет. Электрик, күзөтчү, күрөш менен машыгуучу, айдоочу, компьютердик оюндарды ойногон жана техникаларды жакшы билген достору, сүйүктүүсү менен биргеликте Көркөм сүрөт музейиндеги баалуу экспонатты уурдоону чечет. Уурулардын планы ишке ашат, бирок башка сүрөттү уурдап келишет... 
"Кыргызча" уурулук кылуунун жолдорун тапкан кинодон экшн-көрүнүштөрдү, мушташууну, күлкүлүү сюжеттерди көрүүгө болот.  
Фильмди тартуу идеясын сунуштаган Амантур Ормуков тасманын аталышы белгилүү "Оушендин 11 досу" аттуу фильмден алынганын айтып өттү. 
Буга чейин да комедия, мелодрама жанрларында тасмаларды сунуштап келген режиссёр, продюсер Нурлан Мамакеев фильм кыска убакытта тартылганын кошумчалады. "Буга чейин жаңы жылдык тасма тартууну ойлоп жатканбыз. Бирок аба ырайына байланыштуу тартуу мүмкүн болбой калды. Аягында комедия жанрында фильм тартууну чечтик. Эгер тасма ийгиликтүү болсо, балким, уландысын тартып калабыз",- деди Нурлан Мамакеев. 
"Оштуктун 11 досу" же уурулардын планы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gemma95
2014-12-05 00:04:36
Ооо группалашым да катышыптыр)
0
Tynchtyk_07
2014-12-05 02:43:20
"одинадцать друзей Оушена"
кыргызча вариантыбы !?
эч болбосо атын башкача атабапсынар.......
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан