Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында рублдун курсу төмөндөөдө. Учурда 1 рублду сатып алуу 1 сом, сатуу 1 сом 04 тыйынга чейин болууда. Орусия валютасынын курсу көп мезгилден бери 1 сом 50 тыйындык чекте кармалып келген, бирок акыркы 4-5 айдан бери кескин төмөндөө үстүндө. Буга Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болууда. Мисалы, "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баррели эки эсе арзандап, 63 долларга түштү. Рублдун курсунун кескин төмөндөп жатышынын 5 себеби:
Биринчи себеп: Батыштын санкциялары орусиялык банктардын дүйнөлүк капиталга жетүү жолун бууду. Чет элдик валютада үлүшү бар банктар менен компаниялар валютасын кандай баада болсо да сатып алууга аргасыз болушту. Минтпесе алар насыялар боюнча кезектеги төлөмүн төлөй албай калышы мүмкүн.
Экинчи себеп: Орусиялык рынокто негизги валюта булагы экспортёрлор, биринчи кезекте мунай-газ тармагындагы компаниялар. Рублдун узакка созулган девальвациясына байланыштуу, акыркы айларда экспортёрлор валютасын өздөрүнүн эсебинде кармоого ыкташты.
Үчүнчү себеп: Валюталык рыноктогу ири өзгөрүүлөрдүн себеби Орусиянын Борбордук банкынын кырдаалды көзөмөлдөй албай калышы же анын рыноктон спекулянттарды жоготууга аракет кылуусу. Биринчи вариант чындыкка жакыныраак болууда. Учурда Борбордук банктын аракеттери рублга болгон чабуулду күчөтүп жатат. Ошентип, Борбордук банктын рублдун төмөндөшүн токтотууга керектүү инструменттери жок экендиги далилденүүдө.
Төртүнчү себеп: Чет элдик ири фонддор рублга масштабдуу спекулятивдик чабуул жасап, Орусиянын Борбордук банкын кийлигиштирүү менен "валютаны арзан баа менен сатууга" аргасыз кылды. Акыркы айларда Орусиянын банкынын ыраатсыз иштеп жаткандыгынан спекулянттар пайдаланып, өздөрүнүн валюталык позицияларын кеңейтүүдө.
Бешинчи себеп: Орусиянын каржылык системинде капиталдын сыртка чыгып кетишин чектөөгө зарыл болгон тоскоолдуктардын жоктугу. Капитал негизинен түрдүү схемалардын жардамы менен оффшордук аймактарга же башка өлкөлөргө чыгарылып кетүүдө.
Эксперттердин айтымында, рубль мындан да төмөндөп, кыргыз сомунан арзан болуп калышы мүмкүн.
Орусия акча бирдигинин арзандашы аталган өлкөдө иштеп жаткан мекендештер үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени алар иштеп таап, мекенине жөнөткөн акчанын (рублдун) күчү жоголууда.