Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Аида Салянованы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында жайгашкан аскер бөлүгүндөгү Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкеринин өлүмүн териштирүүнү көзөмөлгө алууга милдеттендирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 12-декабрда билдирди.
Айта кетсек, кечээ, 11-декабрда аскер бөлүгүнүн улук лейтенанты С.Т. курал колдонуу эрежесин одоно бузуу менен нөөмөт убактысын өткөрүп берип жаткан лейтенант Б.Эге карата ок чыгарып, жыйынтыгында лейтенант оор жаракат алган. Жабырлануучу Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген, бирок өзүнө келбестен, операция учурунда каза болгон.
Маалыматка ылайык, каза болгон лейтенант, 23 жаштагы Б.Э. бөлүктүн штабынын башчысынын жардамчысынын милдетин өтөп келген. Ал 2013-жылы КРнын Куралдуу күчтөрүнүн К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтун аяктаган.