Мигранттар патент алуу үчүн 5 миң рубль төлөп тапшырып жаткан сынакта Орусиянын тарыхы боюнча суроолор кыйынчылык жаратууда

Бүгүн, 15-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжандын эмгек мигранттары орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдары боюнча тестирлөөдөн өтүп башташты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, тарых боюнча суроолор мигранттар арасында кыйынчылыктарды жаратууда. "Мисалы, "Кайсы хандыктын башкаруу мезгилинде Русь мамлекетинде христиан дини кабыл алынган?" же "Биринчи космонавт айымдын аты ким?" деген жөнөкөй суроолорго мигрант жооп таппай калууда",- деп билдиришти басылмалар.

Айта кетсек, 2015-жылдан тарта миграциялык мыйзам өзгөртүлгөн. Жумушка уруксат берүүчү кагаз жана патенттин ордуна бирдиктүү документ - эмгектенүү үчүн патент пайда болгон. Аталган сынакты тапшырыш үчүн 5 миң рублга чейин акча төлөө керек. Экзаменди кайра тапшырууда да мигранттар ушул эле суммадагы каражат сарпташат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
uulay
2015-01-15 13:13:22
Кругозор учун деле кызыгып окуп коюш кк да. Нан таап жеш анан онойбу. Англисче макал бар го законго баш ийебиз да
-1
manpover2014
2015-01-15 13:36:22
Аябай эле татаалдаштырып коюптур го.русский языктан тест болсо мейли бирок тарыхычы
+1
tilek88.88kg
2015-01-15 13:53:34
жаман иш болуптур
0
tilek88.88kg
2015-01-15 14:00:10
Таможныйга кошулса мигранттар жыргашат деп жатылего!
+1
aruuzat88
2015-01-15 16:43:24
tilek88.88kg, Таможныйга толук кошула элек, майда кошулат.Балким майдан кийин женилдиктер болоор мигранттарга.Баарын убакыт корсотот.
0
nazi25
2015-01-15 14:00:22
Жанды кашайтат да ушу орустар.Озу жонокой жумуштарга иштегени баратсак.
+1
tilek88.88kg
2015-01-15 14:03:27
тажиктер тест тапшырбайт бекен?
0
aruuzat88
2015-01-15 16:41:36
Орустардын копчулугу оздору билбейт , оздорунун тарыхын.Башты оорутмай болду го булар.
+1
aruuzat88
2015-01-15 16:45:27
Эч кабатыр болбогула сертификаттын да фаршыпкасын тез эле жасап салышат туугандар.
+2
arisim
2015-01-15 17:11:47
Азыр мен жогорудагы берилген суроолорду жанымда иштеген орустарга берип кордум бирида билбейт экен))) Биринчи космонавт аялды Валентина Телешковагоо десем аа даа да деп жатышпайбы,орустар билбеген тарыхын биз кайдан билмек элек аа))
+3
Radmir-312
2015-01-15 17:41:07
анан баарыбыз тапшырышыбыз керекпи?
0
nabi89
2015-01-15 18:26:32
Туугандар ким билет орустар качан христиан динин кабыл алган жобун жазып койгулачы
+1
saltanat.
2015-01-15 21:56:52
Мен октябрда экзамен тапшырып сертификат алгам. Бирок мындай суроолор эмес, тарыхы жок эле.
0
Akman95
2015-01-15 22:37:11
мындай суроолорду кээ бир айылдык окуучулар билеткоо
0
kg.sity93
2015-01-15 22:56:46
Ар бирибизде телефон интернет бар.историясын билбесенер интернеттен таап жаттап окуп анан тапшыра бергиле да.билбей жаткандар..лично мен тапшыра элекмин.чын чынында ар бир орус эле Биле бербейт оздорунун историясын.
+1
nurik77777
2015-01-16 06:00:56
Тооба,тарыхын орустардын озунон сурасан билбейбиз дешет,анан мигранттар кайдан билсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан