Жылнаама, 2-февраль: Мындан 38 жыл мурун колумбиялык ырчы, бийчи Шакира туулган

* Мындан 128 жыл мурун, 1887-жылы АКШда расмий түрдө Суур күнү белгиленген. Элдик ишенимге ылайык, чээнде жаткан суур бул күнү уясынан чыгып, өзүнүн көлөкөсүн көрүп кайра уясына кире качса, анда кыш туптуура дагы 6 жума бою өз акысын бербейт имиш. Эгер көлөкө жок болсо, анда жаз келип, суур өз ишин башташы керек. Элдик ишенимге ынанган америкалыктар жылдын бул убагында чээнде жаткан суурдун уйкусун бузуп, күчтөп сыртка чыгарууну али да улантып келишет.
 
* Мындан 63 жыл мурун, 1952-жылы Түштүк Корея Республикасынын 11-президенти Пак Кын Хе Тэгу шаарында төрөлгөн. Пак Кын Хе - 2006-2012-жылдары "Улуу өлкө" партиясынын лидери. Ал 1963-1979-жылдары Кореянын президенти болгон Пак Чон Хинин кызы. Энеси каза болгондон кийин атасынын жанында биринчи лединин милдеттерин аткарып жүргөн. Кореянын президенттигине 2012-жылкы шайлоодо көп пайыз утуш менен келген. Кызматка 2013-жылы киришкен. 
* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы ырчы, бийчи Шакира Колумбиянын Барранкиль шаарында төрөл­гөн. Атасы Уильям Меберак араб улутунан, жазуучу. Ал эми апасы Нидия Риполлинин жердиги колумбиялык. Шакиранын таланты бала кезинен эле байкала баштаган. 1 жаштан өткөндө алфавитти толук билип, 3 жашында китеп окуганды үйрөнгөн. Ал эми 4 жашында мектепке барганга толук даяр болгону менен, жашынын жетпегенине байланыштуу кабыл алынган эмес. Жашы 5ке толгондо ата-энеси атайын адистерди чакыртып сынак алууну өтү­нүш­көн. Жүргүзүлгөн сынактын на­тыйжасында Шакира “вундеркинд” деп табылган. Кичине кезинен сүрөт тартууга, ыр жазууга болгон кызыгуусун байкаган апасы Шакини сүрөтчү же атасынын жолун жолдоп жазуучу болот деп ойлогон. Бирок 1-классынан Шакиранын бийге жөндөмдүүлүгү өзгөчө байкала баштаган. Бардык жергиликтүү бий сынактарынан биринчиликти бербей келген Шакира 8 жашка толгондо анын дагы бир таланты ачылып, ырдап да чыга баштаган.
* Мындан 56 жыл мурун, 1959-жылы Түндүк Уралда Игорь Дятлов жетектеген 9 кишиден турган туристтик топ белгисиз себептерден улам каза болушкан. Туристтердин табышмактуу өлүмү азыркыга чейин журналисттердин, саясатчылардын жана изилдөөчүлөрдүн көңүл борборунда болуп келет.
2-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан