Принциптин бекемдигинен же "эркекче" отставкага кеткендер

Данияр Нарымбаев тарабынан маселе башынан эле туура эмес коюлду. Менден кечирим сурап, кызматты сактап калышымды талап кылышты. Эгер чын эле туура эмес иш кылсам, адамдын социалдык жана башка статусуна карабай кечирим суроого даярмын. Бул абийирдин иши. Бирок Данияр Ильич тарабынан коюлган маселе саясий чайкоочулукту, соодалашууну элестетет. Мен эч качан креслого "жабышкан" эмесмин. Мамлекет үчүн иштеп келгем, эми да иштей берем. Кызматка караганда мен үчүн абийир бийик...”

Мына ушундай сөздөр менен юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 3-февралда кызматтан кетүүгө арыз жазгандыгын билдирди. Принципке бекем турганы үчүн кызматтан баш тарткандар, тилекке каршы, биздин турмушта чанда жолуга турган көрүнүш. Юстиция министринин бул чечими “Ушундай кадамы менен эсте калгандар кимдер болду эле?” деген суроону жаратты.

2006-жылдын февраль айында ошол кездеги Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев кызматтан өз арызы менен кеткен. Отставкасын ал ММКлардын бирине берген маегинде мындайча түшүндүргөн: “Президент Курманбек Бакиевге карата курч сөздөр менен баамды айттым. “Ит болду, уяты же эркек болсо, асынып алсын!” дедим. Көп адамдар, анын ичинде мен дагы мамлекетти башкарып турган негизги адамдардын ортосунда сүйлөшүү, иштешүү мындай формада болбошу керек деп эсептейм. Биздин ишибиздин башында депутаттардын көпчүлүк бөлүгү мени колдочу, биз Конституцияны кабыл ала алмакпыз, атүгүл президентке импичмент жарыялай алмакпыз. Президент муну түшүнүп, ал кезде парламент менен эсептешүүгө аргасыз эле. Ошондуктан да ар кандай шылтоолор менен конституциялык реформаны создуктуруп келди. Расмий түрдө жарыялайм: мен эч качан Бакиевдин командасында иштебейм. Биздин ортобузда жеке келишпестиктер эмес, принципиалдуу, идеологиялык келишпестик бар. Анын жүргүзүп жаткан саясатын колдобойм. Тарых алдында да мындай саясат үчүн жоопкерчилик алгым келбейт”.

Текебаев менен кошо жүргүзүлүп жаткан саясатты колдобосун билдирип Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кетүү боюнча арызын Болот Шерниязов берген.

Ушул эле жылдын апрель айында өнөр жай, соода жана туризм министри кызматынан Алмазбек Атамбаев өз арызы менен кеткен. Ал "президент Курманбек Бакиев криминалга колдоо көрсөтүп, саясий реформаларды атайы создуктуруп жатат" деп, отставкасын ушуну менен түшүндүргөн.  

2009-жылдын декабрь айында ал кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун жүргүзүп жаткан иштерине макул эместигин билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Камчыбек Ташиев кеткен. Өзүнүн отставкасы туурасында ал “Мен акыр-аягына чейин күрөшүп, Данияр Үсөновдун отставкасын талап кылам. Өкмөттүн жетекчилигинде мындай адам турганда Кыргызстандын келечеги күмөн” деген.

Принципиалдуулуктун негизинде кызматтан баш тарткандардын тизмесин Кылычбек Султанов улантты. “Ата Мекен” фракциясынын квотасынын негизинде Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп жаткан ал 2013-жылдын апрель айында “вице-премьер-министр Камила Талиева өзү жоопкер болгон блоктун баарын ашепке айыптоо менен социалдык блокту башкара албастыгын көрсөттү жана өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына ушундай баа берип койду” деп сындап, мындай жетекчилер менен иштешпей турганын билдирип кызматтан кетүүгө арыз жазган.  

Кеп кылууга арзый турган кийинки отставка 2014-жылдын февраль айында орун алды. Бул жылдын 5-февралында Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт парламентке “Кумтөр” боюнча канадалык компания менен Кыргызстандын үлүшү теңме-тең боло турган келишимди кароого алып келген. “Ата мекенчи” депутат Эркин Алымбеков “Эгер мындай келишим парламент тарабынан кабыл алына турган болсо, мен депутаттык мандаттан баш тартам. Бул сөзүмдү менин БШКга арызым катары кабыл алсаңар болот” деп айтып, 6-февраль күнү мандаттан баш тартканы боюнча арыз жазган. Кийинчерээк “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде “элине кыянаттык кылган парламентте депутат боло албайм” деп билдирген.

Ошентип, “ата мекенчилер” басымдуулук кылган мындай отставкалардын катарын эми юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов толуктады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан