Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгону кабарланган.
Кийинчерек бул жол кырсыгынан Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдап жүргөн аял каза болгондугу маалым болду. SUPER.KG порталына жол кырсыгынан каза болгон ырчы айым Нурзат Ажыгожоеванын жакын санаалаштары маркумдун артында 3 баласы жана жолдошу калганын билдирди.
Бул арада ӨКМнын басма сөз кызматынан окуянын чоо-жайын айтышты.
"Такталган маалымат боюнча, саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында КамАЗ-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен А.Н. аттуу аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда", - деп жазылат маалыматта.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурзат Ажыгожоеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.