Жаштардын табитине ылайык тартылган «Курорттогу роман» тасмасы жарыкка чыкты. Аты айтып тургандай эле тасмада эс алуу учурундагы бактылуу көз ирмемдер, кызыктуу окуялар чагылдырылган. Жарык көргөн жаңы тасманын продюсери Ариза Рыскулбекова бизге кызыктуу маек куруп берди.
– Алгач, тасманын таржымалына токтолсоңуз?
– Аталган тасма кыргыз, орус тилинде көрсөтүлөт. Менимче, жакшы тасма болду. Тасмада эс алуу жайындагы жаштардын жана жашы 40ка келип калган курорттун директорунун жаш кыздар менен болгон сүйүү романы сүрөттөлөт. Бул комедиялык фильм болгондуктан, көрүүчүлөр туура кабыл алат деген ойдомун. Фильмдин негизги максаты – 1 саат 30 мүнөт болсо да, жаштарга эң жакшы маанай тартуулоо. «Курорттогу романдын» идеясы Жаныш агайга таандык болсо, режиссёрлук жүктү Жаныш Кулманбетов аркалады.
– Актёрлорду тандоодо эмнелерге көңүл бурдуңуздар?
– Тасмага Нестан Телеушева, Руслан Маматкулов, Гүлмира Ташматова, Илияс Бараталиев, Айсалкын Кыйыкбаева, Адеми, Аземи Кулманбетова, Бекболот Аскарбеков, Нурсулуу Барманкулова, Салтанат Мамбетмусаева, Ариет Аданбаев, Чынасыл Урманбеков сыяктуу талантуу актёрлор тартылды. Тандоо учурунда биз алардын актёрдук чеберчилигине, тажрыйбасына өзгөчө басым жасадык. Руслан менен Нестан биринчи жолу башкы каармандын образын жаратышса да, татыктуу аткарышты.
– «Курорттогу роман» канчанчы эмгегиңиз?
– Бул тасма менин үчүнчү эмгегим. Биринчи «Кыз-Жигит» кинотасмасында Жаныш Кулманбетов менен бирге иштешкен элем. Бул фильмде өзүм да роль жараткам. Ал эми «Чечилбес чечим» – экинчи эмгегим. «Курорттогу роман» тасмасы 8-майдан тарта көрүүчүлөргө сунушталды. Бардыгына эл тараза, эл сынчы.
– Тасманын түйшүгүн түшүнүп калсаңыз керек?
– Туура айтасыз. Буга чейин тасма талаасын оңой-олтоң ойлочу элем. Көрсө, кино тартуу эң татаал нерсе экен. 4-5 жыл мурун өзүм тасмаларга тартылып баштаганда, түйшүгүн сезе баштагам. Ал эми азыр продюсерлик милдетти моюнга алып, мурункудан да оор экенин түшүндүм. Баштаган ишимди аягына чыгармайынча жаным тынбайт. Тынч уктай албайм. Эң негизгиси, атаандаштарга уят болбосом дейм.
– Бул тасма коммерциялык тасмалардын катарына кирип калабы?
– Фильм 2013-жылы Ысык-Көлдө тартылып, ага жалпы жонунан 30 миң доллар сарпталды. Бирок бул так эсеп эмес. Анткени азыркыга чейин эле тасмага тиешелүү майда-чүйдө иштерге бир топ каражаттар кетүүдө. Ачыгын айтканда, тасма максатты да көздөйт. Сапаты талапка жооп берет деген ойдомун. Азыр бизге ата мекендик тасмалар абдан зарыл. Канчалык кинолор көп тартылса, ортодо атаандаштык пайда болуп, биздин кинематографиянын өсүшү ылдамдайт. Ошондой эле тасма жаратуучулар элдин тандоосуна жетиш үчүн сапатка да басым жасай башташат.
– Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
– Мен «КомузТВ» телеканалында иштегендиктен, ал жактын бардык иштери менин мойнумда. Ошондуктан күзүндө «Вручение наград КомузТВ» долбоорун уюштуруу планымда бар. Ошондой эле «Элита KG» коомдук фондун ачтык. Жаштарга жол көрсөтүү максатында иш алып баруудабыз. Буюрса, жаштар фонддун жардамы менен актёрдук чеберчилик боюнча билим алышууда.
Ибрагим Жусуев