20-ноябрда №50-СИЗОнун мурунку жетекчиси Иманкул Телтаевдин жансыз денеси №1-СИЗОдо асынган абалда табылды. Ал чын эле асынып алдыбы? Бул балким, чуулгандуу абактан качуунун чыныгы себебин ачыкка чыгарбоого кылган кимдир бирөөлөрдүн аракетидир?
ЭМИ №1-СИЗОнун ЖЕТЕКЧИСИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Октябрдын 11инен 12сине караган түнү №50-СИЗОдон коркунучтуу 9 кылмышкер качып кетип, ал бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөӊгө салган. Качкан кылмышкерлердин колунан абактын 3 кызматкери, дагы бирөө ооруканада каза болгон. Кийин качкандардын баары кармалып, алардын үчөө кармоо учурунда, үчөөсү абакта өлгөн. Ошондой эле Алтынбек Итибаевди жок кылуу учурунда 1 СОБР кызматкери жана дагы 2 адам каза болгон. Кылмышкерлер качкандан туура бир ай өткөн соӊ №50-СИЗОнун мурунку жетекчиси Иманкул Телтаев тергөө ишинин алкагында №1-СИЗОго камалган эле. Ал эми 20-ноябрда эртеӊ менен абак кызматкерлери аны асынган абалда табышкан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча «СИЗОго киргизилгенден кийин ал ден соолугу боюнча даттанып, медициналык бөлүмгө жайгаштырылган. Палатада жалгыз болгон. Телтаев өз шейшебине асынып алган» деп билдирди.
23-ноябрда атайын прокуратура №1-СИЗОнун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Талант Байсеитовдун үстүнөн «кызматынан кыянаттык менен пайдаланган» деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын билдиришине караганда, Талант Байсеитов Иманкул Телтаевди СИЗОнун медициналык бөлүмүндөгү кабинетке мыйзамсыз жайгаштырган жана анын жанына күзөтчү койгон эмес.
«№50-СИЗОдо ТЕРРОРЧУЛАР КАМАЛБАШЫ КЕРЕК БОЛЧУ»
Ал эми маркумдун туугандары анын өз жанын өзү кыйганына ишенбестигин билдиришүүдө.Ошондой эле Иманкул Телтаевдин туугандарынын жактоочусу Улан Жумаков Телтаевди мыйзамсыз камашкан деп эсептейт. «№50-СИЗО уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалууга ылайыкталган. Ал жерде террорчулар менен өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалбашы керек болчу. Телтаев аларды башка түрмөгө алып кетүүсүн, видеокөзөмөл менен уюлдук телефондордун байланышын иштетпей коё турган аппараттын иштебей тургандыгын, кызматкерлердин жетишсиздигин айтып ЖАМКнын жетекчилерине бир нече ирет кат түрүндө кайрылган. Бирок анын бирине да жетекчилиги көӊүл бурган эмес»,- деп билдирди.
«АТАМ «АКМЫН» ДЕП ЖАТКАН»Иманкул Телтаевдин уулу Улан Телтаев:
– Атам өлкөнүн патриоту болчу. Мекенибизди коргосун деп уулдарын да аскер кызматкери кылган. Бирок биз мекенибизди коргоп жатканыбыз менен, атабызды коргой албай калдык.
Ал жетектеген абактан кылмышкерлердин качып кетүү себебин мен билбейм, өзү «мен бул жерде акмын» деп айткан. Абактан качуу болгондон кийин атамдын дене табы көтөрүлүп, 3 жолу «Тез жардам» чакырганбыз. Бирок атам ооруканага жатпай койгон. Аягында 10 күнгө ооруканага жаткызган элек, бирок 5 күн жаткан соӊ «мен даярмын, суракта жооп берем» деп бир баштык дарыларды көтөрүп келип алган.
Анын үстүнөн мурун да ушактардын негизинде бир нече кылмыш иштери козголуп, бирок Жогорку Соттон акталып, 1 миллион үч жүз миӊ сомдой акчалай компенсация алган. Түрмөдөгү кылмышкерлер атамды канча ирет өлтүргөнгө аракет кылышты, ошолордон коркпой иштеп жүргөн киши кантип өз жанын кыйсын?!
Биз атайын прокуратурага ишенбейбиз, атамдын өлүмү боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүүсүн суранабыз.
«СОТТОШУП ЖҮРҮП ИШИНЕ КАЙТКАН»
ЖАМКнын мурунку жетекчиси Советбек Арбаев:
– Иманкул Телтаев союз маалынан бери иштеп, бул тармактын ысык-суугуна чыдаган жигит. Тыӊ иштечү. 1980-жылдардын аягында аны абакта жаткандар моюнун кесип кыйнашкан. Эгер коркок болсо ошондо эле башка тармакка кетип калмак. Мен 2014-жылы январь айында ЖАМКнын жетекчиси болуп дайындалдым. Ошондо Телтаев 4 жылдан бери иштебей, соттошуп жүргөн болчу. Кийин мага Жогорку Соттун «мурунку ордуна дайындалсын» деген чечимин алып келди. Анын 4 жыл иштебей жүргөндүгүн эске алып, азырынча кичирээк түрмөдө иштей турсун деп №50-СИЗОго жетекчи кылып дайындагам.
«КЕНЕБАЕВ «КАРАЛАРГА» КАРЫЗ БОЛУП КАЛГАН ДЕП ШЕКТЕНЕМ»ЖАМКнын ички коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев:
– Телтаев убагында Азиз Батукаевди Нарынга которууну көтөрүп, ушул иштин аягына чыккан кызматкер. Ал жүрөктүү адам болчу. Анын өзүн өзү асып алышына таптакыр ишенбейм. Кылмышкерлердин абактан качуусуна жана Телтаевдин өлүмүнө ЖАМКнын жетекчилиги күнөөлүү. Телтаев №50-СИЗОдогу кемчиликтер тууралуу жетекчиликке билдирген, бирок алар маани бербей коюшкан.
Абак кайтарган кызматкерлер өздөрү телефон сыяктуу тыюу салынган буюмдарды абакта жаткандарга алып кирип беришет. Мындайлардын көбү жаза алган болчу, бирок бүгүнкү күндө алар кайра эле иштеп жатышат. Аларды ЖАМКнын жетекчисинин мурунку орун басары, азыр төраганын кеӊешчиси Куанышбек Кенебаев кызматка алган. Ал тургай анын мурун соттолгон кызматкерлерди кызматка алган учурлары да бар. Менде далил жок, бирок Куанышбек Кенебаев «караларга» карыз же көз каранды болуп калган деп шектенем.
«МАМЛЕКЕТ ИЧИНДЕГИ МАМЛЕКЕТ»
ЖАМК тармагында абактан коркунучтуу кылмышкерлер качкандан башка да чоӊ чырлар орун алып келет. Ошондой эле кадр алмашуулар дагы таӊ калтырбай койбойт. Абактан качуу болгондон кийин ЖАМКнын жетекчиси Алик Мамыркулов 11 кызматкерди «душман көзүнө» иштен алган эле. Бирок кийинчерээк орун алмашуу гана болгону билинип калды.
Абакта жаткандар телефон аркылуу ар кандай «акцияларды» өткөрүп, канчалаган элдин акчаларын алдап сыздатып кеткен учурлары көп. Ал тургай чоӊ кызматтарда иштеген кызматкерлерди да сызга отургузган жайы бар. Аларды токтотууга милициянын да күчү жетпей келет. Кез-кезде эл көзүнө түрмөлөрдү текшерип, 7-8 телефонду тартып алганын жарнамалашканы менен, өлкөбүздүн абактарында жаткандардын көпчүлүгү уюлдук телефон колдонушат.
Абактарда «каралардын» өзүнчө мыйзамы иштей турганы жана бул тармакта эмне иштер болуп жатканы тууралуу маалыматтар коомчулукка толук жетпегендиктен ЖАМК «мамлекет ичиндеги мамлекет» деп айтылып келет. Ошондой эле акчаӊ болсо, абактан ичимдик, баӊгизатка чейин бардык нерсени табууга болот. Чычкан жөрмөлөп өтө алгыс жайларда мындай тыюу салынган нерселердин сатылышына ошол эле абак кызматкерлери жардам бербесе, алар кайдан пайда болсун деген суроо туулат.
СУРООЛОР КӨП, ЖООП ЖОК
Кантип коркунучтуу кылмышкерлер күчөтүлгөн тартипте кайтарылган абактан качып кете алышкан? Абактагы видеокамеранын иштебей турганы кимге керек эле? Качып кармалгандардын үчөөсү кантип «жүрөгү кармап» өлгөн сыяктуу суроолор жоопсуз турганда, абактын мурунку жетекчисинин өлүмү бул суроолордун жоопсуз калышын көздөгөн кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар экен деген шекти ого бетер күчөттү. Коркунучтуу 9 кылмышкер качкан абактын жетекчиси болгондуктан Иманкул Телтаевде бул окуяга байланыштуу бир топ маалыматтар болушу мүмкүн эле. Абактан качууну ким уюштурганын коомчулук жакын арада же дегеле биле албайт өӊдүү.
Адатта башкарган мекемесинде чыр чыкканда жетекчиси кызматынан кетет. ЖАМКнын коомдук кеӊеши президент, спикер жана премьер-министрдин атына ачык кайрылуу жолдоп, мындай чуулуу окуялардан кийин Алик Мамыркуловдун бул кызматта отурушуна акысы жок деп билдиришкен эле. Бирок ЖАМКнын жетекчиси Алик Мамыркулов негедир кебелбейт...КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТҮРМӨЛӨР ЛАГЕРДИК ТИПТЕ
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg