Кылмышкер Алтынбек Итибаев өлтүрүлдү. Окуя болгон жерден кабарчыбыздын билдиришинче, анын шериктери кармала элек. Кылмышкер бүгүн Достук кичи районундагы атышуу учурунда ок тийип каза тапты.
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү. 2013-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "экс-депутат Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн" деген айыптоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.
Атышуу токтоду. Кылмышкерди кармоодо күч органдарынан каза тапкандар, жаракат алгандар болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, атышуу болгон жерде бир катар автоунаалар талкаланды.