Гезитибиздин бетине кылмыш, кырсыктар тууралуу көптөгөн чуулгандуу окуялар жарыяланып келет. Алардын жыйынтыгы эмне болгонун билгиси келген окурмандар көп. Андыктан бул саныбызда буга чейин гезитибизге жарыяланган кылмыш окуялардын жыйынтыктары менен тааныштырабыз.
2 ЖЫЛ МУРУН 14 ЖАШТАГЫ КАЙЫН СИҢДИСИН ЗОРДУКТАТКАН ЖЕҢЕ 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
Эсиңиздерге салсак, гезитибиздин 624-санына «Кайын сиңдисин жеңеси зөөкүрлөргө салып берген деп шектелүүдө» деген макалабыз жарыяланган. Анда 29 жаштагы Кымбат Мырзатова аттуу аял 14 жаштагы кайын сиңдисин 2 таанышына атайлап зордуктатканы, ошол кылмышка шектелип издөөдө жүргөнү жазылган. Ал эми өспүрүм кызды зордуктады деп Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Торкен айылынын тургундары 26 жаштагы Максатбек Жумакалиев менен 41 жаштагы Азамат Токтошов кармалган. Көп узабай, тагыраак айтканда, гезитибиздин №641-санына «14 жашар кызды зордуктагандар эркиндикке чыгып кетишти» деген макала жарыяланган. Анда жабырлануучу кыздын апасы кылмышка шектүүлөрдүн туугандары «кызыңдын дарысына» деп 300 миң сом берип, андан соң кызын «артыңды ойло» деп коркутуп, а өзүн алдап бир кагазга кол койдуруп алышкандарын, көрсө, ал тосмо арыз экендигин айткан. Так ошол жабырлануучу тараптын «доом жок» деген тосмо арызынын негизинде Токтогул райондук соту айыпталуучуларды эркиндикке чыгарган. Ал эми зордуктоону уюштурган деп издөөдө жүргөн Кымбат Мырзатова 2014-жылдын 27-декабрында Бишкек шаарындагы сойкуканалардын биринде кармалган.
Анын иши тергөөдө иликтенип жаткан учурда жабырлануучу тарап Токтогул райондук сотунун чечимине нааразы экендигин билдиришип, кайрадан Кара-Көл шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Жыйынтыгында эркиндикте жүргөн Азамат Токтошов менен Максатбек Жумакалиевге кайрадан издөө жарыяланган. 2016-жылдын 18-мартында Кара-Көл шаардык сотунун чечими менен "кылмышты уюштуруп берген" деп айыпталган жеңеси 20 жылга эркинен ажыратылды. Андан көп узабай издөөдө жүргөн шектүүлөрдүн бири Азамат Токтошов милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул тууралуу тактоо максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Тукешов менен байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду: «Азамат Токтошовду 2016-жылдын 28-март күнү Бишкек шаарынан кармадык. Ал Токтогул райондук соту тарабынан акталган соң Бишкекке келип үйлөнүп, ар кандай кара жумуштар менен алектенип жүргөн экен. Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн экинчиси Максатбек Жумакалиев учурда издөөдө. Ал тууралуу маалыматтар бар, жакын арада колго түшүрөбүз».
УУЛУН АТЫП ӨЛТҮРГӨН АТАСЫ 18 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ
Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №684-санына «Атасы уулун атып өлтүрдү» аттуу макала жарыяланган эле. Макалада 2015-жылдын 30-ноябрында Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл айылында катталган кандуу окуя тууралуу жазылган. Ошол күнү 47 жаштагы Акматкул Кочкорбаев аттуу тургун үйүнө мас абалында келип, 28 жаштагы уулу Жоодарбек Кочкорбаев менен уруша кеткен. Атасына таарынган уулу үйдөн үй-бүлөсүн алып кетейин деп 2 баласы менен Ауди үлгүсүндөгү унаага отурганда артынан атасы 28 калибрлүү мылтыгын алып чыгып, рулдагы уулун 2 ирет атып жиберген. Натыйжада унаанын айнеги сынып, анын чачырандылары арткы орундуктагы неберелеринин беттерин тилип кеткен. Ал эми уулу октон алган жаракатынан улам ошол жерден жан таслим болгон. Бул окуя боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда маркумдун атасы күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. 2016-жылдын 15-февралында бул ишти караган Өзгөн райондук соту Акматкул Кочкорбаевди күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Эми ал күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөмөкчү.
7 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ ӨЛТҮРГӨН АЯЛ 25 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ2015-жылдын 10-декабрында милиция кызматкерлерине Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунун 33 жаштагы Астра Макелеева аттуу тургуну кайрылып, анын 1-класста окуган баласын белгисиз адамдар уурдап кетип, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жаткандыгы тууралуу билдирген. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары арыз ээси менен чогуу иштеген 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Ошондой эле ал күнөөсүн моюнуна алып, баланын өлүгү кайсы жакка көмүлгөнүн көрсөтүп берген. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми баланын муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул окуя тууралуу «Супер-Инфо» гезити №685-санына «Каза болгон 7 жашар Даниелдин апасы: «Балаңды тирүү көрөм десең 150 миң сом бер деди» деген макалада кенен жарыялаган. 2016-жылдын 3-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жогорудагы окуя боюнча сот отуруму болуп өткөн. Сот отурумунда Майрам Акунова өзүнүн да 7 жаштагы баласы бар экенин жана буга чейин үч ирет соттолгондугун айткан. Ошондой эле ал жабырлануучуларга: «Балаңарды өлтүргөндү башка жактан издегиле, мен өлтүргөн жокмун. Мен актанып бере алам»,- деп кыйкырган. Андан көп узабай, 1-апрель күнү соттук кароо учурунда айыпталуучу Майрам Акуновага акыркы сөз берилген учурда "мен актанганым менен мени эч ким актабайт, мен азыр өзүмдү өлтүрүүгө да даярмын" деп жанына беките келген лезвие менен курсагын бир нече жолу тилип салган. Бирок анын өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Жыйынтыгында судья аны күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратып, "маркумдун апасы Астра Макелеевага моралдык жана материалдык чыгымдарына 500 миң сом өндүрүлсүн" деген өкүм чыгарды. Соттун өкүмү чыккан соң маркумдун апасы биздин редакцияга келип, кылмышка шектүү 25 жылга эмес, өмүр бою камалуусун каалагандыгын билдирди.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg