Бардык эле кыз ак боз ат минген ханзаадага турмушка чыгып, ханбийкедей жашагысы келет. Биздин шоу чөйрөдө жомоктогудай ханзаада жок болсо да, таланты, атактуулугу, сымбаттуу келбети менен алардан кем калбаган бойдок жигиттер көп. Паспортуна али никеси бар деген «мөөр» басыла элек мырзалардын тизмеги менен таанышып, жакканын кармап калыңыз. Руслан Ботобаев: «КЫЗДАРДЫН КӨЗҮНӨ МААНИ БЕРЕМ»
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 18-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 185 сантиметр
Салмагы – 75 килограмм
Билими – Орусиялык Бажы академиясынын юридикалык факультетин бүтүргөн, учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүнүн 5-курсунун студенти
Чыгармачылыгы – «Бейиш 604» («Рай 604»), «Жол» («Путь») тасмаларына, Абир Касеновдун “Вера в любовь” аттуу клибине тартылган
Учурда – Актёр, ырчы, телеалпаруучу
«Бейиш 604» тасмасында сүйүктүүсүнүн артынан Индиянын Гоа штатына чейин барган жигиттин образын жараткан Руслан бойдок мырзалардын сап башында турат. Узун бойлуу, сымбаттуу бул жигитке ашыгып, жүрөгүнө жол таппай жүрсөңүз, угуп туруңуз. Руслан билимдүү кыздарды жактырат. «Каякта жүрөсүң, качан келесиң?» деп мээсине чай кайнаткан кызганчаак кыздар убара болбой эле койгула. Анан кабагы ачылбай депрессияда жүргөн, кайдигер кыздар бул жигиттин табитинде эмес. Үй жумуштарына тың, ар тараптан колдогон, алдыга умтулган бийкечтерден болсоңуз сылык-сыпайы, интеллигент жигитти колдон чыгарбаңыз. «Көз – жан дүйнөнүн күзгүсү» дегендей, кыздар менен таанышканда биринчи көзүнө маани берем. Албетте, сырткы келбети, сүйлөгөнү, өзүн алып жүрүшү, кийингени да маанилүү»,- дейт. «Эң башкысы, сүйүктүүм экөөбүз жарашыктуу түгөйлөрдөй болуп көрүнүп турушубуз керек»,- деген жигиттин жубайы болууну каалаган бийкеч бешбармак, казы-карта, чучук өңдүү деликатестерди жасаганды билиши зарыл. Эгер сиз бул мырзаныкы болуп калсаңыз, сизди жомоктогудай жерлерге алып барып, белек-бечкектен кем кылбайт.
Нурсултан Курсанали уулу: «МУРУТУ ЖОК КЫЗДАР ЖАГАТ»
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 29-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 88 килограмм
Билими – КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман техникалык институтунун бүтүргөн, учурда Москвадагы Улуттук техникалык изилдөө институтунда магистратурада окуйт.
Чыгармачылыгы – «Жарайт сити» долбоорунда, «ДвижЭние кылыш керек» тасмасында тартылган
Учурда – Актёр, сценарист, алпаруучу
«Жарайт сити» долбоорунда, «ДвижЭние кылыш керек» тасмасында мурутчан агайдын ролун жаратып жылдызы жанган Нурсултан Курсанали уулунун да жүрөгү бош. «Эркекти жакшы кылган да, жаман кылган да аял» деген Нурсултан сүйүүгө туруктуу мырзалардан. Акыркы кезде мындай сапатка ээ жигиттердин катары суюлуп баратканын көрүп эле жүрөсүз да, ошондуктан аны орус кыздарына тарттырып жибергиңиз келбесе, окуусунан каникулга келгенде колдон учурбай имерип алыңыз.
Нурсултанга кыздын келбети, кийингени, сүйлөгөнү, өзүн татыктуу алып жүрүшү маанилүү. «Мага акылдуу, түшүнүктүү, активдүү, сулуу, тарбиялуу, муруту жок кыздар жагат»,- деген тамашакөй бул жигит өзүн романтикмин дейт. «Романтика деген акчада, 101 розада, чатырдын үстүндө уюштурулган кечки тамакта эмес, көңүлдө. Менин оюмча, кыз тепкичтен түшүп келе жатканда колуңду сунуп жардам берүү эле бул романтика. Мен кыздарга дайыма кол сунам, ошондуктан өзүмдү укмуштуудай романтикмин деп эсептейм». Нурсултан «качан үйлөнөсүң?» деген тажатма суроолорго «бейшемби күнү, саат 12де» деп жооп бере баштаптыр. «Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында» дегендей, бейшемби күнү Нурсултан үйлөнчү бийкеч сиз болгуңуз келсе, жогоруда айтылган талаптарды эске алып, «движение» кылып баштаңыз.
Адилет Азимов: «ЖООШ КЫЗДАРДАН БАТ ТАЖАЙМ»Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 15-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 81 килограмм
Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүнүн 4-курсунун студенти
Чыгармачылыгы – «Сендей мага», «Болсочу», «Роза гүлү» жана башка ырлардын аткаруучусу
Учурда – Ырчы
Чет өлкөлүк сынактарда байгелүү орундарды камсыздап келген ырчы Адилет Азимов да бопбойдок. Ага өзүнө окшогон кара каш, кара көз, ак жуумал кыздар жагат. Өзбек ырчысы Шахзодага окшош болсоңуз Адилеттин жүрөгүн түбөлүк ээлеген болосуз. Түнкү клубга барбаган, үйдөн чыкпаган кыздарды баалаган ырчыга жасалма кыздар жага бербейт. «Обу жоктонуп жасалма сүйлөп , «мага айфон жагат» деп чоёктогон кыздардан качам. Жалжактап каткырып, ашыкча сүйлөгөн кыздар да менин табитимде эмес. Бирок койдон жоош, сүйлөбөй отура берген кыздардан да бат эле тажап кетем. Мага орду менен сүйлөгөн, кызыктуу, тартиптүү кыздар жагат. Өзүмдөн 5-6 жаш улуу кызды сүйүп калсам, үйлөнүүгө даярмын»,- дейт. Үй-бүлөнүн жалгыз эркек уулу болгон Адилет учурда 2 кабаттуу үй салып жаткан кези. «Катын алсаң отун ал» дегендей, салынып жаткан үйүмдү бүтүрүп, болочоктогу жубайыма бардык шарттарды түзүп алып, буюрса, 3 жылдан кийин үйлөнөм»,- деген үй-бүлөгө карамдуу бул жигитти азыртадан эле менчиктештирүүгө өтүңүз.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg