Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын 18-мартында Аксы районундагы өзбек-кыргыз чек арасындагы Чаласарт тилкесине өзбек аскерлери БТР менен келип, блок-пост орнотуп, кыргыз жарандарынын паспортторун текшере башташкан. Эки өлкө ортосунда абал чыңалып, кыжырданган карапайым элдин арасында күтүүсүз жаңжал чыгып кетиши толук мүмкүн эле. Өзбек чек арачылары 26-мартта аймактан чыгып кетишкен. 22-августта да ошол эле Аксы районундагы Үңкүр-Тоого тик учак менен Өзбекстандын күч органдарынын кызматкерлери келип, Кыргыз өлкөсүнүн телемунарасынын ишин көзөмөлдөгөн кызматкерлерин кармап кетишкен. 18-сентябрда гана сүйлөшүүлөрдөн кийин аларды коё беришкен болчу. Коңшулардын кайра-кайра сес көрсөтүп жатканынын негизги себеби – Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычында.
ОРТО-ТОКОЙ СУУ САКТАГЫЧЫ ТУУРАЛУУ
Курулушу: 1941-жылы башталып, согуштан кийин бүткөн.
Максаты: Өзбек ССРинин жана Ала-Бука районунун ылдыйкы өрөөндө жайгашкан айылдарындагы эгин талааларын сугаруу.
Кеткен каражат: 71,1 миллион рубль (Өзбек ССРи каржылаган).
1992-жылы эки өлкө президенттери суу сактагычты Кыргыз мамлекетине өткөрүү боюнча документке кол коюшкан. Ошол келишимди аткаруу иштери уланууда.
"ЧЕК АРАЧЫЛАРБЫЗ ДЕШЕТ, ЧЫНЫНДА АЛАР СПЕЦНАЗДАР"Орто-Токой суу сактагычына барган учурубузда унаа менен аймакты текшерип жүргөн милиция кызматкерлерине туш келдик. Аймакты ИИМдин "Шумкар" атайын дайындалган полкунун кызматкерлери кайтарууга алышат. Алар биздин документтерибизди да текшерип, андан соң гана өздөрү жашап жаткан жерине алып барышты. Бул милиция кызматкерлери Өзбекстандын аскерлери 18-мартта Үңкүр-Тоого киргизилгенде суу сактагычты кайтарууга коюлган. Ошондон бери чатырларда жашап, тапшырмаларын аткарып жатышыптыр. Суу сактагычтын учурдагы абалы жөнүндө "Шумкардын" ошол жерди кайтарган бөлүмүнүн башчысы Пайзибай Исраилов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бизге Орто-Токой суу сактагычы катары белгилүү болсо, өзбек тарап бул аймакты "Касан-Сай суу сактагычы" деп аташат. Союз учурунда ижарага алышкан экен, бирок келишим бүткөн соң да аймактан чыкпай жатышат. Мурда бул аймакка убактылуу жашап туруу үчүн бир нече үй-бүлөнү жайгаштырышкан. Бүгүнкү күнгө келип ошол жашап жаткан адамдар өзбекстандык деп эсептелинип, алардын "бул аймак биздики болгон" деп талашуусуна негизги себеп болуп берүүдө. Учурда суу сактагыч жана анын түндүк-чыгыш тарабындагы өзбек өлкөсүнүн 37 жараны жашап жаткан аймак толугу менен коңшу өлкөнүн көзөмөлүндө. Плотинаны кайтарган аскерлеринин саны так эмес. Ал эми аймактын жашоочуларын кайтарып жаткан 28 чек арачысы бар. Бирок алар жөнөкөй чек арачылар эмес, спецназдар. Мындай маанилүү аймакка атайын даярдыктагы кызматкерлерин коюшкан. Бизге болсо өздөрүн чек арачыларбыз деп тааныштырышат. Өзбекстандын тургундары жана чек арачылар турган аймакты биз курчап турабыз. Белгиленген чектен чыкса биздин көзөмөлгө туш келишет. Турмушка керектүү нерселерди Өзбекстандан алып келишет. Биз ар бир кирген, чыкканын текшерип турабыз. Эгер ооруп калышса "Тез жардам" унаабыз менен чек арага жеткирип коёбуз.
Мурда суу чогулганда айылга чейин жетип келчү экен. Учурда андай суу жок. Мурункудай эле көлөмдө суу агып келет, бирок токтобостон Өзбекстанга агып өтүп жатат. Плотина азырынча алардын кайтаруусунда. Кээде өзүм абалды билүү үчүн куралсыз плотинага бара алам. Айрым так эмес маалыматтарга караганда, агып өтүп жаткан сууну Наманган облусуна чогултуп, бир нече көлмө пайда кылышыптыр.
"МУРУНКУ АЙЫЛ СУУ АСТЫНДА КАЛЫП КАЛГАН"Жергиликтүү жашоочу катары суу сактагычка байланыштуу окуяларга активдүү катышып жүргөн Орто-Токой айылынын тургуну Эрмамат Темиралиев бизге кошумча маалыматтарды айтып берди:
– Мурда чек катары орнотулган казыктарды Өзбекстандын чек арачылары жылдырып, суу сактагычка кошуп дагы 100 метрдей жерди ээлеп алышкан. Ал жер учурда алардын айылы деп эсептелинип жатат. Союз маалында атам ошол жерде иштеген экен, азыр 90го чыгып калды. Казыктарды кайсы жерден жылдырып коюшканын так билет. Жетекчилерден келишсе тактаганга жардам бермекпиз. Биздин маалымат боюнча, 1980-жылы келишимдин негизинде суу сактагыч бизге өтүшү керек эле, бирок 36 жылдан бери чече албай жатабыз. Мурда суу сактагычтын ордунда Орто-Токой айылы бар болчу. Айылдын мурунку аймагы суу астында калып, эл андан бир аз жогору отурукташкан.
Чек ара маселеси чыкканга чейин биздин айыл тарапка өзбек чек арачылары келсе жакалашып, жаңжал чыгарчубуз. Азыр эми биздин да милиция кызматкерлерибиз келгендиктен, абал тынч. Өзбекстанга өтүп жаткан дарыяга жакын жердеги Орток-Бел деген тилкеге суу чыгаралы десек, Өзбекстан тоскоолдук кылып жатат.
"КУРАЛ КӨТӨРГӨНДӨР КООПТОНДУРАТ"Аймакка жакын жайгашкан Орто-Токой айылын аралап, тургундардын ойлорун уктук. Чырлуу аймакка эң жакын жашаган элдин турмушу тууралуу 61 жаштагы Уулкан Наралиева төмөнкүлөргө токтолду:
– 43 жылдан бери ушул жерде жашайм. Суу сактагычта эле көйгөй болбосо, жашоочулар арасында көп маселе жарала бербейт. Бирок курал көтөрүп жүргөн адамдар баары бир кооптондурат. Ушул жерлер тезирээк чечилсе бизге да жакшы болмок. Чочулабай жашамакпыз. Өзбекстан качан жерибизди алып коёт экен деп үйлөрүбүздү да көп жасай бербейбиз. Биздин жетекчилер келгенде "силер бул жерден көчпөй жашап тургула, биз аймакты сөзсүз кайтарабыз" деп айтышат. Ошолордун сөзүнө макул болуп жашап жатабыз. Биздин аскерлердин мамилеси жакшы, кээде үй иштерине да жардам берип турушат. Телефондорун биздикине алып келип, кубаттандырып кетишет.
"СУУ САКТАГЫЧ ЧЕК АРАДАН 13 ЧАКЫРЫМ ИЧКЕРИ ЖАЙГАШКАН"Суу сактагычты барып көрүп келген соң абал боюнча район башкармалыгынан да маалымат алдык. Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Көп учурда Орто-Токой суу сактагычын өзбек-кыргыз чек арасында жайгашкан деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Тескерисинче, мамлекеттик чек арадан 13 чакырым ичкериде, так айтканда, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайгашкан. Жалпысы суу сактагыч 850 гектар аймакты ээлейт. Ал 165 миллион куб сууга ылайыкташтырылып курулган, бирок эң көп толгондо 190 миллион кубга чейин жетет. Суу сактагычты кайтарып жаткандар менен байланышып, ал-абалын сурап, колдон келген жардамды берип турабыз. Ал эми өзбекстандык чек арачылардын чыгып кетүүсү боюнча бир нерсе айтыш кыйын. Себеби бул маселелер эки өлкөнүн өкмөттөрү аркылуу гана чечилет.
Бектур Токтоноев
koom@super.kg