(Башы өткөн сандарда)
ххх
Ооба, Эрлан сен эч нерсесине карабай жакшы көргөн жигит. Ал бай эмес болчу, таасирдүү эмес болчу. Бирок ал сага жакчу. Көпчүлүк дал ошол Эрлан тууралуу эч нерсе билбейт. Сага ашык болуп, ашыктыгы жоопсуз калганда уксус ичип өзүнүн актёрдук талантына балта чаап алган таалайсыз жаш актёрду эч ким билбейт. Аны заматта эле достору, көрүүчүлөрү, баарынан биринчи болуп сен унутуп койдуң.
Ооба, ал эсине келгенин угуп кубангансың. Бирок бир жолу ооруканага барган боюнча кайра кайрылган жоксуң. Жакшы көрчүсүң аны. Антсе да ал сага пайда алып келбей турган бир байкуш экенин түшүнүп алгансың. Сага анын кереги жок болчу. Ханышага ханышаныкындай шарт керек эле. А Эрлан ким? Ага болгон сезимге жеңилип берүү... Койчу, бул сага жарашмак эмес. Алсыздык болуп калмак. Келечеги жок актёр менен кыйналып жашап. Хе, антип сен эмес, жанагы сүйүүгө ишенген чунактар жашашсын.
ххх
Дилимде акчам менен сени имерип алганымды түшүнүп эле турдум. Бул ичке арканга асыл тукум азоо жылкыны аркандагандай абал болчу. Сен каалаган маалда жибиңди үзүп кете алмаксың. Же кимдир бирөө, кимдир бирөө эмес, менден бай эркек келсе сени оңой эле торуна түшүрмөк. Жок-жок, сени эмес. Туура эмес жазып алдым. Мен кээде ушинтип сен тууралуу жакшы сөз жазганга даярданып алам десең. Көнүп калыпмын. Эл көзүнө сен айткандай сонун болуп көрүнгөнгө көнүп алыпмын. Бирок эми биз эки башкабыз. Экөөбүздө эч бир нерсе сонун эмес экенин элдин баары билбедиби. Эми эмнени жашырам? Ошол. Ачыгын айтканда, сенин торуңа түшкөн бай жигит мен болдум. Менден байыраагын тапсаң суроо-сопкутсуз эле анын коюнуна кирип кетмексиң. Жашырганда эмне, сен ошондо чындап эле менден байыраактарга көзүң түшүп, аңчылыгыңды акырындап жүргүзүп отурупсуң да?.. Ооба, мен баягы сенин ишкер көңүлдөшүң тууралуу айтып жатам.
ххх
Оо, ал кезде мен махабатка мас элем. Боорума кысып алып чачыңды жыттаган өзгөчө жакчу мага. Тойчу эмесмин жытыңа. А сен болсо мени бекем кучактап алып, көшүлүп уктачусуң. Биз жаткан керебеттин дал үстүнө орнотулган шыптагы күзгүнү карап өзүмө ыраазы болуп кетчүмүн. Мына мен... Менин жанымда миллиондогон эркектердин фантазиясы, түндө түштөрүнө кирген пери, кыялдарда жашаган атактуу кыз энеден туума жылаңач жатат. Болгондо да мени кучактап. Ыраазы болуп... Ооба, сен жылаңач жүргөндү жакшы көрчүсүң. Сеникиндей дене-мүчө менен көчөдө жылаңач жүрүү деле уят болмок эмес. Сен ошону билчүсүң. Ошол денең, сенин олбуй-солбуй болгон актёрдук талантыңдан да чоң курал экенин өтө эле жакшы билчүсүң. Ал дене карып кетмек. Учурунда аны пайдаланып жетчүңө жетип алышың керек эле. Анын үстүнө сулуураак, байыраак эркек көрсөң көздөрүң тумандап кетчү. Кумарың күч эле, чиркин! Ойлоп көрсөм, мен баары бир сени алтын капаска камай алмак эмес экенмин. Сендеги кумар, сулуулук бир эле эркекке таандык болуп калышын өзүң да каалачу эмес окшойсуң.
ххх
Кытайга кетишим керек. "Бир эле ай жүрүп келем" деп тиги кытай өнөктөштөрүмдү ишендиргем. Антип-минтип созуп, сенин жаныңдан кете албай айланчыктап кумарлуу 3 айды байкабай өткөрүп жиберипмин. Кетишим керек. Иштеримди алдыга жылдырышым керек. Акчамды көбөйтүшүм керек. Антпесем сага керексиз болуп калам.
Аэропортко узатып бардың. Самолёт мына учканы жатат дегенге чейин машинанын ичинде жүзүңдөн аймалап, жытыңды жыттап кана албай кетким келбей жүрө бердим.
– Мени күт, макулбу? Бат эле келип калам. Байланышта бол, макулбу? Күйөөгө тийип кетпе?- ушинтип айттым. Жылмайып гана баш ийкедиң. “Бара берчи, кандай жүрөрүмдү өзүм билем” деген экенсиң ичиңден.
ххх
Кытайда жүрүп күн сайын сага телефон чалам. Сагынганыңды, мага көнүп алганыңды айтасың. А мен бактылуумун. Сенден ушунча көп эмоция алам десең. Көрсө, биз адамдар өмүрдө ошол эмоциялар үчүн эле жашайт окшойбуз. Жашооң эмоциясыз болсо, кызыгы эмне? Жанагы соцтармактар быйтыкчалар менен эмоция берүүнү жөн киргизген эмес окшойт да. Виртуалдуу жашоону чыныгы жашоого болушунча жакындатуу үчүн эмодзилер чыккан тура. Эх, чиркин биздин эмодзилер! Биздин быйтыкчалар. Жүрөкчөлөр... Ооздорун чормойтуп өпкөндөрү, эки көзү жүрөкчө болуп калгандары, ыйлагысы келип тургандары. Азыркыдай дапдаана сүрөт эмес болчу. Бирок түшүнүктүү эле. Мен ошонун баарын сезип окучумун. Өзүмдөн өткөрүп окучумун. Бирок сага алардын баары жөн гана керектүү курал болгон экен. Мына, сенин Инстаграмыңда жалаң ошол көзү жүрөк болгон, ооздорун чормойтуп өпкөн баягы мага жиберип жүргөн эмодзилер. Хе, эмнени айтып жатам? Денесин, жүрөгүн, кумарын капчыкка алмаштыра берген адамды соцтармактарда жасалма болбочу деп талап кыламбы? Күлкүлүү...
Ооба, күлөм, ыйлайм. Каратып туруп сагынганыңды айтып, ошол эле тапта атаң менен тең чамалаш байкеңдин кучагында туйлап жаткан турбайсыңбы?! Муну билбей калмакмын. Капыстан билдим.
ххх
“Эми ал сеники дагы эмес” белгисиз номурдан ушундай кат келди. Анан сүрөт. Жол тандабаска эшикти ачып түшүп баратканың, анан бир ресторанда чогуу отурасыңар... Таанымал эле байке. Үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Сүрөттү Эрлан тартып жөнөтүптүр. Дароо эле түшүндүм ал экенин. Куураган ал байкуш дале сен деп ооруп жүргөн экен.
ххх
– Эмне кылып жатасың?- учурашпай эле мурдум менен бир тийдим. Телефондон эле ачуум келип жатканы билинип калды.
– Муня, эмне болду?- эркелете сүйлөдүң.
– Ким ал? Мен кетерим менен башканы таапсың да, ээ?
– Муня, ачууланба. Жакшылап түшүндүр. Кимди тааптырмын?
– Сага сүрөттөрдү жөнөтөм азыр,- байланышты үзүп эле, телефондон сүрөттөрдү жөнөттүм. Анан кайра чалдым. Адегенде эле каткырган болдуң.
– Койчу, Муня! Ким жиберди муну, ха-ха? Так смешно. Бул деген Шумкар байке да. Ал мага байке, түшүнсөң? Театрга жардам берип жүрөт. Меценат. Карындашындай эле көрөт. Оой, ошондон кызганып? Анын үстүнө ал карып калган, Муня. Сага алмаштырбайм.
– Карып калган?! А эмне, тиги режиссёруңар, жетекчиңер картаң эмес беле? Сен алар менен деле...
– Сен ошентип ойлойсуңбу, ээ? Мага эмес, башкалардын сөзүнө ишенет экенсиң да? Ооба, мен адашкам. Бирок мен эч убакта сен айткан режиссёр менен да, жетекчи менен да жүргөн эмесмин. Бул көрө албастардын сөзү. Аны сага жеткиришиптир. Айтчы, муну ким жиберди? Эрланбы?
Ооба, ошол жиберди. Мен Эрланга алданып калгам. Сүйүү окшойт деп ойлогом. Бирок сага жолугуп калдым. Сен болсо мен кандай болсом, ошондой бойдон кабыл алдың. Мына эми мыкты жигит таптым деп ойлогом, Мурат. Сен болсо көрө албастардын сөзүнө ишенип...- ыйлап жибердиң.
Жози, Жозефина, Жылан! Мынча куусуң, эй! Ишендирип, адамды күнөөлүү кылып салдың. Сенин алдыңда уялып калдым. Кечирим сурадым. Кандай гана көк мээ болгом?! Мага чала негизи...
ххх
Айтпай дебей сюрприз кылып Бишкекке бармакчы болгом. Бир эсе текшермекчи болдум. Бишкекке келерим менен алып учуп үйүңө бардым. Телефонуңа чалып жатам. Сен албайсың. Бош эмес экенсиң, көрсө. Ээх... Эстегим келбейт! Сүт куюлган табакты айланып баскан мышыктай эле үйүңдү тегеренип басып жүрө бердим. Ушул эле учурда сен театрда, гримёркада баягы картаң режиссёр менен кумарга батып жатыпсың. Үйүңдө күтө берип тажаганда театрга бара калсам, дал ошол сенин гримёркаңдын жарыгы гана жанып туруптур. Кароолчу киргизбейт десең. "Сюрприз кылайын дегем, жигити болом. Кирип чыгайын" деп кароолчуга 200 сом сунсам, мени жалооруп караган. Көрсө...
Узун коридордо демимди чыгарбай акырын басып гримёркаңдын тушуна келдим. Такылдатып кирейин деп жатканда ичтен кандайдыр бир үн угулгансыды. Каалгага жакын келип кулагымды жабыштырып тыңшадым. Сенин кумарлуу үнүңдү эшиттим. Байкелеп, жалынып-жалбарып жаттың. Режиссёрдун күшүлдөп-бышылдаганы угулат.
– Жозефина!- бакырып жибердим. Тынчый түштүңөр. Мен эшикти каккылап, тепкилеп, өкүрүп-бакырып сөгүнүп. Каалганын кармагычын жулуп алдым. Бөлмө тарап дым. Киши жоктой түр көргөзүп, унчукпай калдыңар. Анан кароолчу келди. Алып келген гүлүмдү ошол жерде тепсеп, ашата сөгүп, каалгага жаба түкүрүп чыгып кеттим.
ххх
Башымдан буу чыгып, сөгүнүп атырылып келатсам, машинама сенин Эрланың жөлөнүп алып шашпай тамеки чегип турган экен. Мени карап мыскылдуу жылмайды.
– Эмне мылжыясың?!
– Байке,- баягы шыңгыр үнү жок жигиттин. Уксус ичкени оңолгон эмес окшойт. Кыйылдап сүйлөйт. “Байке, ал бизге буюрбайт. Сулуу менен күлүк элдики дешти мага... Мен дагы, сиз дагы, башкасы дагы Жозефинага ээ боло албайбыз. Тескерисинче, биз анын гареминде окшойбуз. Жадакалса тиги режиссёр дагы гаремде”.
– Турчу ары,- түртүп жиберип машинама отурдум да, газды өкүртө басып клубга жөнөдүм. Туура эле айтыптыр, биз болгону сенин гаремиңдеги эле эркектер окшойбуз...
(Уландысы кийинки санда)