Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши 14-февралга жылдырылды
Бүгүн, 8-февралда депутат Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши 14-февралга жылдырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Айта кетсек, бүгүнкү сотто 3-октябрдагы митингдин күбөлөрү жана жабырлануучулары көрсөтмө беришти.