Бишкекте “Тамашоунун” Кышкы фестивалы башталды

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалы башталды. Бул фестивалга катышкан командалар “Эң мыкты команда”, “Эң мыкты оюнчу” жана “Эң мыкты тамаша” категориясы боюнча ат салышат. Мында "УКГ №5", "Тергөө", "No name", "Алтын сегиз", "NutsТан", "5+1", "Тамадалар", "Жалал-Абад", "Боорсок", "Тамашарики", "Нур" жана "Ак-Өргө Sity" командалары катышууда. Фестивалдын оюнчуларынын талантын баалаган калыстар тобунун курамында ырчы Гүлнур Сатылганова, режиссёр Эрнест Абдыжапаров, стилист Замира Молошева, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова ырчы Урмат Усенов жана юрист Жоомарт Жолдошев бар.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан