Саламаттыкты сактоо министрлигинин Адамдык репродукция боюнча кыргыз илимий борборунда төрөп жаткан айымдар онлайн-видеого тартылып, бул алардын укугунун бузулушуна өбөлгө түздү. Бул тууралуу 19-февраль күнү журналисттер менен болгон жолугушууда жактоочу Марат Токтоматов билдирди. Анын айтымында, төрөп жаткан айымдарга алардын төрөтү тартылып жатканын эч ким кабарлаган эмес.
Ал эми аталган борбордо көз жарган Айгүл Турсунова видеого тартууну алардын адамдык укугун тепселөө деп эсептейт.
“Чынын айтсам, бул борбордун дарыгерлерине дооматым жок. Алар өз ишин мыкты билген адистер, эки баламды дал ушул жерден төрөгөм. Бирок бизге айтпай туруп башчысы ар кайсы жерге камера орноткону туура эмес. Азыркы технологиянын өнүккөн учурунда ал видеолор интернет-сайттарга чыгып кетсе эмне болот?”- деди ачууланган Турсунова.