Ош шаарында коомдун аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир айлыктын алкагында коомдун аярлуу катмарындагы жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана үлгүсүз үй-бүлөлөргө гуманитардык жана материалдык-моралдык жардамдар көрсөтүлмөкчү. Андан сырткары аталган катмардагы жарандарга тиешелүү юридикалык жардамдар да берилет.
Маалыматта белгиленгендей, өзгөчө көңүл жана колдоо Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бөлүнмөкчү.