Биз социалдык тармакта

Ажырашканда мурунку жубайын үй менен камсыздоо сунушталууда

Жубайлар ажырашканда алардын жашоочу жайын тескеген мыйзам долбоору сунушталууда. Тиешелүү документ Жогорку Кеңештин сайтындагы коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорун парламент спикери баш болгон 11 депутат демилгелөөдө. Анда түгөйлөр ажырашкан учурда мурунку күйөөсүн мурунку аялын убактылуу жашоочу жай менен камсыз кылууга милдеттендирүү сунушталууда. Мисалы, ал мурунку аялына өзүнө таандык үйдү берип турушу керек же анын батиринин ижара акысын төлөп бериши керек болот.

Демилгечилер буга жубайлар ажырашканда аял кишилер балдары менен көчөдө калып жатышканын мисал кылышууда. Ажырашкандардын ортосундагы турак жай маселелерин сот ушул мыйзамды эске алып чечим чыгара алат. Чечим тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк жана турак жай шарттарын эске алуу менен кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан