Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов жарым финалга чыкты.
Ал чейрек финалда азербайжандык балбан менен кез келип, беттешти 0:6 эсебинде уттуруп жаткан. Бирок кармаш бүтөрүнө аз калганда 6 упай топтоп эсепти теңеди. Андан тышкары каршылаш тараптын нааразычылыгы канааттандырылбагандыктан кошумча 1 упай берилди. Ошентип, эсеп саны 7:6 менен аяктады.
Махмудов алгач 5:1 эсебинде египеттик, андан кийин 9:0 эсебинде грузиялык балбанды уткан.