Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылат

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунда 22-23-февралда Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 74-чакырымынан 107-чакырымына чейинки аралыгында жалпы көлөмү 74 650 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине ЖЭМ-26 транспорт кызматы тарабынан 2 бульдозер жана 1 жүктөгүч тартылып, кечээ, 24-февралда саат 17:50дө унаа жолу тазаланган. Ал эми бүгүн жолду кеңейтүү иштери улантылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан