2-3-мартта Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда экс-президент
Роза Отунбаеванын демилгеси астында өтө турган аялдардын улуттук форумунда
топтолгон көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланат. Бул тууралуу 25-февралда парламент депутаты
Айнуру Алтыбаева маалымат жыйынында айтты. Форум Кыргыз Республкикасында биринчи жолу өтүп жатат жана ага 1200 киши катышат.
Форумда аялдардын үй-бүлөлүк, сексуалдык, гендердик
зомбулуктун кеңири орун алышы, топтолгон көйгөйлөрдү чечүү
жолдору талкууланат. Бул форум аялдардын
көйгөйлүү маселелерин чечүү жолдорун сунуштайт, өлкөнүн аялдар кыймылы үчүн
багыттарды берет.