Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев менен кырсыктардын алдын алуу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүнү макулдашышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-февраль күнү ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта министр Боронов ислам дини адамдарды бири-бирине жамандык кылбоого, зыянын тийгизбөөгө, колунан келсе жардам берүүгө чакыра тургандыгын эске салып, Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгына, азирети муфтийге атайын кат жөнөткөндүгүн айтты.
“Биз 2012-жылы республиканын аймагында дин кызматкерлери менен биргеликте калкка кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Элге дин ишмерлери аркылуу кайрылуу таасирдүү жана жеткиликтүү боло тургандыгын көрдүк. Быйыл да ошол жөрөлгөнү улантып, сиздер менен иштешүүнү туура көрүүдөбүз. Бул багыттагы ишибиздин максаты бир экендигин туура түшүнүп, бизге колдоо көрсөтөсүздөр деген ишеничтемин”,- деди министр Кубатбек Боронов.
Өз кезегинде Убайдулла ажы Сарыбаев: “Калктын кызыкчылыгы, коопсуздугу, бейпил жашоосу үчүн биз сиздерге колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Ош шаарынын аймагында эле эмес, башка аймактарга да барып, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”,- деди.