Бишкек жана Чүй облусунун аймагындагы эт сатуучу жайлар текшерилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда өлкөбүздүн башкы ветеринары Ашырбай Жусупов билдирди.
Маалыматка караганда, учурда Санэпидкөзөмөл борбору жана Ветеринария инспекциясы менен биргеликте комиссия түзүлдү. Алар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы эт сатуучу жайларды текшерүүгө алышат. Буга Сокулук районунда табылган эшектин эти себеп болгон.