Бүгүн, 25-февралдагы маалымат жыйынында "Кайтал" ачык акционердик коомунун башчысы Алмаз Такырбашев: "Биз эшекти 2 миң сомдон сатып алабыз. Аларды түштүк облустардан жана Чүйдөн алып келебиз. Эшектердин эттери жана ичеги-карындары келишимдин негизинде Гонконгдогу зоопаркка жөнөтүлөт",- деди.
Эске салсак, кечээ Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы айтылып, коомчулукта талкуу жаратты.
Укук коргоо органдары бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын кабарласа, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков жогорудагы окуяга катыштыгы барларга чара көрүлүшү керектигин айтты.